“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров аймактарда эл менен жолугушуусуна бийлик бут тосуп жатканын “Азаттыкка” маалымдады. Мадумаровдун айтымында, ар кандай бут тосуулардан улам 22-23-август күндөрү белгиленген Баткен жана Исфана шаарларындагы жолугушууларын токтоткон.
“Баткенде жыйын болмок. Булар (ред: бийлик) аябай куу аракетке өтүп алды. Мындай түркөйлүк, арамзалык эгемендүүлүк тарыхында болгон эмес. Ошондуктан эл жабыр тартпасын, ошол жерде бир нерсе уюштуруп,бирөөгө шылтап койбосун дедим. Элдин тынчтыгы үчүн деп кайттым. Бирок, Ноокат, Өзгөн, Аксы райондорунда жакшы деңгээлде өттү. Китептин ачылышы жана жолугушуу дагы болду” – деди Мадумаров.
Мадумаровдун айтымында, бул жолугушууларда журналист Айданбек Акмат уулунун калемине таандык, “Жалгыз дос” деп аталган китептин бет ачары дагы болду. Ал китепте саясий ишмер Апсамат Масалиев менен Адахан Мадумаровдун мамилеси баяндалат.
Бирок, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Адахан Мадумаровдун жолугушууларына бийликтин эч кандай кийлигишүүсү болгон жок деп маалымдашты.
Булак: Азаттык