Домой Коом Адахан Мадумаров Баткендин сатылган жери, “Кумтөрдүн” акчасы үчүн качан жооп берет?

Адахан Мадумаров Баткендин сатылган жери, “Кумтөрдүн” акчасы үчүн качан жооп берет?

74

Оппозициядагы саясатчылардын бардыгы эле реалдуу абалды өз кызыкчылыктарына жараша бурмалап, ага калптарды кошуп жибергенди жакшы көрүшөт. Бирок, калпты — чындай, барды — жоктой, жокту — бардай кылып апыртып, ала-була “өрдөктөрдү” сапырылтып жибергендиги жагынан Адахан Мадумаровго эч ким жетпейт. Анын саясый облиги — жалаалардан жана калптардан, кызылдай демагогиялардан гана
турат. Сыягы, ал элдин баары келесоо, ЖМКларды, социалдык түйүндөрдү деле карашпайт, мен эмнелерди айтсам ишене берет деп ойлойт окшойт. Адахан Кимсанбаевич, Кыргызстанда андай сиз ойлогондой келесоолор жок. Ички, тышкы реалдуу абалды биз сизден жакшы билебиз. А.Мадумаров Айданбек Акматов деген журналист инисине берген маегинде бийликтегилерди алы жетишинче шыбап, сөз
таппай баратканда мыйзамдуулукту да уруп, бир нече жолу чектен да чыгып кетти. Анын колуна майлуу-сүттүү кызмат тийбей калганда дайыма ошентип туталанып, жер сабап, атүгүл өкүрүп жиберчидөй абалга жетип жүргөнүн мурдатан жакшы билебиз. Анын алтын доору экинчи качкын президенттин тушунда болгон. Ал Бакиевдердин үй-бүлөлүк тамадасы болуп алып, алардын даректерине не деген гана ширин сөздөрдү айтпады. Спикер, мамкатчы, Коопсуздук кеңешинин катчысы болду. Ошол убакта кызматынан пайдаланып тажиктерге Баткендин бир нече гектар жерин берип жиберди.

Жогорку Кеңештеги өзү отурган кабинетти Арстанбаптын жаңгактарынын уюлдары менен кооздоттурду. Ошол убакта Кукеси “Кумтөрдөн” салыктын эсебинен 32 миллион долларды алдырып, шайлоого жумшаганын көрүп турса да, ал
убакта оозуна талкан тыгып алгандай унчукпаган неме, эми “Кумтөрдү улутташтыруу керек”- деп кыйкырып жатат. Эмне үчүн ал мамлекеттеги экинин бири дегидей чоң кызматтарда жүргөндө уурдоолор, тоноолор, адам өлтүрүүлөр жөнүндө
үн каткан эмес да, эми көчө саясатчысына айланганда андай маселени көтөрүп жатат?

Биз улутташтырабыз десек эле макул болуп бергидей “Центерра” менен “Кумтөр” Мадумаровдун токолунун комогу бекен? Комокту го бир крандуу машине менен алдырып салса болот. Эгерде Кыргызстан “Кумтөрдү” улутташтырып же жалпак
тилге салып айтканда, жөн эле тартып алса, алар ошол замат эл аралык соттордун бирине кайрылып, “Кумтөрдү” кайра алгандары аз келгенсип, тарткан зыяндарын 2-3 эсе кылып өндүрүп алышарын билбейби? Албетте, билет, бирок каны
менен бүткөн эки жүздүүлүктөн, азыркы бийликтегилерге, элге кандай жол менен болсо да карасанатайлык кылууну көздөгөндүктөн гана ошондой сөздөрдү айтып жатат.

Эл аралык сотто Кыргызстан утулса, анын кенемтесин азыркы же кийинки бийликтегилер же Адахан Мадумаров төлөбөйт, ал мамлекеттин, элдин мойнуна гана жүктөлөт. Мадумаров апыртып, жапыртуу, өрдөктөрдү айдатуу, бийликтегилерге жалааларды жабуу жагынан мурдагы убактагыларынан да ашып кетти. Сыягы, көптөн бери кызматсыз жүрө берип, капчыгы биротоло жукарып, ач карышкырдай улуп жибергенге аз калгандай. Ал Кыргызстандын азыркы абалын туннелге кирип алып, чыгууга жол таппай калган туңгуюк катары сүрөттөдү. Анын логикасы боюнча, келечек түгүл, эртең таң атпай калчудай. Республиканын азыркы экономикалык абалы оор экендиги чындык, бирок эки айтмакер сүрөттөшкөндөй абалга жеткен
жок. Президент, өкмөт бюджеттин таңсыктыгына тийиштүү каражаттарды табышты, экономика этап-этабы менен жанданып баратат. Айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар өз убагында берилүүдө. Карантинде күнүмдүк кирешелеринен ажырап калгандарга натуралай жардамдар уюштурулуп жатат. Эгерде мындан ары эпидемиялык абал биротоло оңолуп кетсе (ал биздеги гана эмес, кошуна өлкөлөрдөгү эпидемиялык абалга да байланыштуу болот) Кыргызстандын экономикасынын жыл аягында азыраак өсүш менен чыгуусуна деле реалдуу шарттар бар. Эки айтмакердин “быйыл
кургакчылык, каатчылык болот, эл ачка калат, ага бийлик даяр болбой жатат” (ылайым ооздору таш капсын, тү, тү, ириген ооздордон чириген сөздөр чыгат деген ушул) деп элди коркута бергендери да жөнсүз. Азыркы белгилерге
караганда, быйылкы жайдын кургакчыл эмей эле жаанчыл, эгин-тегиндин, тоюттун мол болушу күтүлүп жатат. Каатчылык, кургакчылык адатта эрте жаздан эле башталат.

Анан Мадумаровдун: “коронавирус деген — оюн, Кыргыз бийлиги сабатсыздыгынан ал оюнга кошулуп алды”- деп, элди ачыктан ачык карантиндик тартипти бузууга чакырганы — элге карата кыянаттык десек болот. Коронавирусту эмне
Жээнбеков менен Абылгазиев экөөсү ойлоп чыгарышыптырбы? Убагында чечкиндүү карантиндик чараларды киргизүү аркылуу илдетти Кыргызстанга кеңири жайылтпаганга жетишкендиги үчүн аларга ырахмат гана айтуубуз керек. Же бизге
да АКШдагыдай илдеттен өлгөндөрдү боордоштор мүрзөлөрүнө топ-тобу менен көмгөн керек беле? Азыр беткапсыз жүргөндөрдүн айрымдарын кармап алышып, айып пулдарды салышууда. Анда эмне үчүн ЖМК аркылуу карантиндик
тартипти бузууга ачыктан ачык чакырган Адахан Мадумаровго жана анын айтмакерине карата укуктук чара көрүлбөй жатат?

А.Мадумаровдун А.Акматов менен болгон маеги — анын инсан, саясатчы катары биротоло деградацияга учурап, жалганчылык, жалакорчулук, эки жүздүүлүк, бет тырмарчылык менен гана жашап калгандыгын көрсөттү. Ал башкаларга апыртамаларын сапырткандан көрө өзүнүн колу менен Баткендин Тажикстанга өтүп кеткен жери үчүн курун мойнуна салып ыйлап элден кечирим сурап, орозонун ыйык күнүндө жалгандарын токтото турбайбы?

Булак: Майдан.kg