19-сентябрда күтүүсүз саясый окуя болду. Президенттикке ат салышып аткан «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Казакстандын Алматы шаарынан казак лидери Нурсултан Назарбаевге жолугуп келгени жана ал жолугушууну казакстандык ММКлар кеңири чагылдырганы жалпы кыргыз коомчулугу үчүн күтүүсүз жана өтө оор сокку сыяктуу болуп калды.
Кыргызстандын ички ишин, кыргыз элинин жеке тандоосун чет өлкөлүк лидерлер менен талкулоо жана андан колдоо күтүү максатында жасалган бул жолугушуудан кийин Ө. Бабановду колдоп келген кыргызстандыктар, анын ичинде аттуу-баштуу саясатчылар да андан жүзүн үйрө баштады.
Маселен, буга чейин Өзгөн районундагы Бабановдун эл менен жолугушуусуна чогуу чыгып, аны колдоп сүйлөп берген Адахан Мадумаров Бабановдун бул аракетин «тирүү жүргөнүң жерге кирсин дегендей эле көрүнүш» деп баалады. «Биздин мамлекеттеги боло турган иштин кошуна мамлекеттерде чечилип жатканы өтө өкүнүчтүү. Бул жаман, тирүү жүргөнүң жерге кирсин дегендей эле көрүнүш. Өз элибиздин тагдырын өз ич арада чече албай, башка элдин кишилери менен кеңешип, ошолордон колдоо сурап калганыбыз – бул кыргыздын мүңкүрөп-чөгөлөп, аябагандай кейиштүү кейипке кептелип калгандыгы. Кошуналар эрингенинен бизге көмөк көрсөтөйүн деген жок, алар өнүксүн-өссүн деген мааниде колдоп жатышат. Формасы, мааниси жакшы болгон менен көрүнүштүн өзү жакшы эмес”, — деп билдирди ал маалымат булактарынын бирине.
Ооба, чындыгында эле Бабановдун бул ашкере жагалдануусу, өз элине эмес, биринчи кезекте өзгө элдин колдоосуна таянып атканы өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Бийлик жана мансап үчүн Кыргызстандын, кыргыз элинин да ар-намысын каалагандай тебелей ала тургандыгын көрсөттү, бул талапкер. Президент боло электе эле бөлөк мамлекеттердин алдына чөгөлөп бара калган Бабанов кокусунан мамлекет башына келип калса, анда чындап шорубуз кайначудай. Анын үстүнө анын жалаң казак жана орус олигархтарынын курчоосунда калганы да мамлекетибиздин коопсуздугуна коркунуч туудуруп тургансыйт.