Өкмөттүн жыйынында Мухаммедкалый Абылгазиев социалдык төлөмдөр, пенсия жана маянамыйзамга ылайык төлөнө бере турганын билдири.
Соцфонддун төрагасы Медер Ирскалиевдин «эгер салык боюнча план аткарылбаса, 2020-жылдын башында пенсия төлөнбөй калышы мүмкүн» дегенине Абылгазиев мындай жооп кылды: «Пенсия боюнча эч кандай маселе болбойт. Сиз жогорудагыдай сүйлөгөнүӊүз үчүн кетишиӊиз керек!» Абылгазиев баары жакшы болорун сандар менен айтып берди.
Булак: Багыт