Домой Экономика Абылгазиев базар баасына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Абылгазиев базар баасына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

43

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы планга кыска жана узак мөөнөттүү иш-чаралардын тизмеги камтылышы керектигин баса белгилеген.

«Биз керектүү товарлардын жетишсиздигине жана алардын наркынын негизсиз жогорулашына жол бербөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Экинчи блок — бул бюджетти коргоо. Кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет бардык социалдык жана башка милдеттерин толук кандуу аткарышы зарыл. Бул үчүн чыгашаларды оптимизациялоо боюнча иш-чаралар каралышы кажет», — деди Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле ата мекендик бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен планда реалдуу картина дагы чагылдырылышы керектигин белгиледи.

«Мамлекеттик органдар маселени чечүүдө бизнес-коомчулук менен да жигердүү иш алып барышы керек. Сунуштарды эске алуу менен ыкчам түрдө кризиске каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, ошондой эле азык-түлүк базарларындагы жана соода түйүндөрүндөгү баага мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү тапшырмасын берем», — деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, буга чейин коронавирустун жайылышына байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүлгөн.

Булак: Спутник