Домой Коом Абылгазиев: Апрелде бюджетке 5 млрд. сом түшпөй калуу коркунучу турат

Абылгазиев: Апрелде бюджетке 5 млрд. сом түшпөй калуу коркунучу турат

34

Өкмөт башчы бул маалыматты бүгүн, 30-апрелде парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Премьер-министр өзгөчө кырдаал шартында айрым ишканалардын жабылышы күтүлүп жатканын, жумушсуздук болорун эскертти. Абылгазиевдин айтымында экономиканын толук анализи май айында чыгарылат.

Жыл башынан берки төрт ай аралыгында мамлекеттик бюджетке 10 млрд. сом түшпөй калганы 29-апрелде кабарланган.

Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаал шартындагы антикризистик программа учурда иштелип жатканын белгилеп, долбоор май айында жарыя кылынарын кошумчалады. «Республика — Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, депутат Руслан Казакбаев өкмөткө өзү менен өзү эле алектене бербей, тажрыйбалуу эксперттерди да тартып, кеңеш түзүүнү сунуш кылды.

Бүгүн, 30-апрелде премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште өзгөчө кырдаал шартындагы өкмөттүн иши тууралуу маалымат берип жатат.

Булак: Азаттык