Домой Коом Абийири ачыла баштаган “ата мекенчилер” эми алдамчылыкка өттүбү?

Абийири ачыла баштаган “ата мекенчилер” эми алдамчылыкка өттүбү?

46

Торго түшкөн балык кандай жол менен болсо да бошонуп чыгууга аракет жасайт эмеспи? Бирок, андай аракет 99% натыйжасыз болорун абдан жакшы билебиз. Анын сыңары лидери Ө. Текебаев коррупция жана алдамчылыкка шектелип камакка алынса, эми мародерчулук иши жаңырып, анын натыйжасында дагы бир мүчөсү Р. Төлөгөнов камакка алынган “Ата Мекен” фракциясы коомчулуктун башын айлантуунун түрдүү ыкмаларын колдоно башташты.

buy cialas on line canada. Ата Мекен партиясынын митинги

Маселен, аталган фракциянын лидеринин милдетин аткаруучу А. Шыкмаматов маалымат жыйынын өткөрүп, анда “Төлөгөновдун камалышы бийлик тарабынан жасалган үчүнчү провокация, себеби алар “Белизгейт” жана “Маевский” боюнча иш жалганга чыгып атканын түшүнүп атышат” деп билдириптир. Тескерисинче ошол иштер такталып, “атамекенчилердин” кыңыр иштери улам ачыкка чыгып атканын коомчулук көрүп турбайбы?

Экинчиден, ошол эле маалымат жыйынында Төлөгөновдун уулу Иса “мага УКМКдан чыгышып, Текебаевге каршы көрсөтмө беришимди талап кылышты, антпесем агам да, атам да темир тордон чыкпайт” дешти деп билдирди. Анын айтымында камакта жаткан Муса агасына да УКМК кызматкерлери ошондой талап коюшуптур. Эми ушуга ким ишенет? Мындай талапты койсо, ошол замат эле аны коомчулук билип каларын атайын кызматтын кызматкерлери билбейт бекен? Эң сонун билет. Андыктан УКМК кызматкерлерине карата оруну жок айыптоону айтуунун кажети жок. Калп айтса да, чындыкка жакындаштырып айтышса боло.