Домой Коом Абдыжапар БЕГМАТОВ, БШКнын төрайымынын орун басары: “Садыкжан Камаловдун Бабановду колдоо боюнча чакырыгына...

Абдыжапар БЕГМАТОВ, БШКнын төрайымынын орун басары: “Садыкжан Камаловдун Бабановду колдоо боюнча чакырыгына реакция жасайбыз”

91

1366619688_57241200

          Буга чейин экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун шайлоо боюнча чакырыгына БШК чара көрдү жана Камчыбек Ташиевге эскертүү берилди. Ошол эле кезде таасирдүү диний лидер Садыкжан Камаловдун Өмүрбек Бабановго үгүт жүргүзгөнүнө реакция кылбай жатасыздар. БШК бул боюнча акыйкаттуулукту сактай алабы?

comprare viagra in contrassegno.           Биринчиден, БШК кайсы диний уюмдун өкүлү болбосун анын үгүт ишине аралашуусуна реакция жасайт. Бул боюнча БШКда атайын жумушчу топ түзүлөт. Ал эми Садыкжан Камаловдун аракети боюнча БШК сөзсүз чара көрөт.

          Бул маселе качан каралышы мүмкүн?

          Учурда жумушчу топ бул маселени карап жатат. Алардын ишинин жыйынтыгы чыккандан кийин БШКнын жалпы мүчөлөрүнүн добушу менен бир чечимге келебиз. Тактап айтканда, ошол жумушчу топтун ишинин алкагында баа берилет.