— Президенттикке талапкер Акматбек Келдибековдун Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерлиги катталбай калышына, дегеле анын жарыштан четтетилишине эмне себеп болду?
— Талапкерлиги чийилип салынган жок. Бизде Акматбек Келдибековду каттоодон баш тартуу боюнча чечим кабыл алынды. Талапкердин мыйзамда көрсөтүлгөн укугу менен соттуулугу жоюлуп салынган же алынып салынган талапкер гана катталышы мүмкүн. Ошондуктан, Акматбек Келдибековдун жоюла элек соттуулугу бар үчүн каттоодон баш тартылды.
— Акматбек Келдибековдун талапкерлигин каттоодон баш тартуу боюнча чечимде мыйзамсыз көрүнүштөр болгон жокпу? cheapest price on levitra.
— Мен айттым го, жоюла элек соттуулугу бар үчүн каттоодон баш тартылды. Буга чейин Жогорку Сот да Акматбек Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында гана алынарын айтып атайын билдирүү таратканын билесиздер. Биз андыктан мыйзам чегинде гана иш алып барабыз.