Домой Саясат Абдыжапар БЕГМАТОВ, БШК төрайымынын орун басары: «Мамлекеттик кызматты ээлеген арыз берүүчүнү талапкер...

Абдыжапар БЕГМАТОВ, БШК төрайымынын орун басары: «Мамлекеттик кызматты ээлеген арыз берүүчүнү талапкер катары каттоого чейин ал кызматын уланта берүүгө укугу бар»

125

allergic reaction to amoxicillin. 32d211fad7236d58f32b78e7df2c424d_730x0 (1)

Шайлоо алдындагы боло калуучу түрдүү интригалардан бул ирет да куру калган жокпуз. Алсак, президенттикке талапкер Темир Сариев «премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырбай жатат» деп БШКга арызданган болчу. Бул арыз эми Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу тарабынан каралып, жооп бериле тургандыгын БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов маалымат сайттарынын бирине курган маегинде билдирди.

“Биз кайрылуулар боюнча иш алып барбайбыз, биз регламент жана мыйзам боюнча иш алып барабыз. Бирок арыз боюнча айта кете турган болсом, мамлекеттик кызматты ээлеген арыз берүүчүнү талапкер катары каттоого чейин ал кызматын уланта берүүгө укугу бар. Каттоодон өткөндөн кийин ал ишин токтотууга милдеттүү. Бул норма мыйзамда көрсөтүлгөн”,-деди ал.

Анын айтымында, учурда мыйзам боюнча арызданууга негиз жок. Себеби Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө каттала элек. “Ал өзүн колдогондордун кол тамгасын өткөрө элек. 30 миңден кем эмес кол тамганы тапшырыш керек. Мындан тышкары ал кыргыз тили боюнча сертификатты тапшыра элек, шайлоо күрөөсүн кое элек. Мындан улам БШК ушул документтерди көргөндөн кийин аны талапкер катары расмий каттайт”,-деп билдирди төраганын орун басары.

Демек, учурдагы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков эч кандай мыйзамды бузган жок. Ал өзүнүн милдетин так аткарууда. Эгерде аны БШК расмий түрдө талапкер катары каттагандан кийин да кызматын тапшырбай жаткан болсо, ошондо гана Т. Сариев арызданса туура болмок. Ага чейин эле шашылып арызданганы жөн гана коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары бааланып калды.