Өткөн жумада Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Өлкө башчысы бул жыйында күч органдарынын, соттордун ишин катуу сынга алган. Президенттин мындай билдирүүсү коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, ар кандай сунуш менен чыккандар да бар.
Парламент депутаты Абдывахап Нурбаев “Азаттык” радиосуна курган маегинде коомчулук конкреттүү кадамдарды күтүп жатканын, президент эл күткөндөй билдирүү менен чыкканын, ошондой эле өлкө башчысы саясий эркин көрсөткөнүн билдирген. “Коррупциянын бүгүнкү деңгээли, аны менен күрөшүүнүн натыйжасы мамлекетке болгон элдин ишенимин азайтып, экөөнүн ортосунда ажырым чоңоюп жатат. Ушул убакка чейин комплекстүү иштер кагаз жүзүндө болгону менен иш жүзүндө анча жыйынтык чыкпаганын президент өзү айтып жатпайбы. Натыйжа болуш үчүн биз келечекте бардыгын ачык айтып, ачык жасашыбыз керек. Бардыгы жарандык коомдун көзөмөлүндө болуп, эл баарын көрүп тургандай шарт түзүүгө тийиш. Сот процессинин жүрүшүн, чыгарган чечимдерин эл көрүп-билип турушу зарыл. Сооронбай Шарипович өзү өкмөт башчысы болуп турганда “Таза коом” деген программаны колдоп чыккан. Эми аткарыла турган иштер дал ушул жакка багытталышы керек деп ойлойм”, — дейт ал.