Домой Саясат Абдырахманов качан акылына келет?

Абдырахманов качан акылына келет?

17

Бу Сагынбек Абдырахмановдун аракеттери башына таш тийген адамдын образын ачык-айкын көрсөтүп турат. Оӊолоруна жараша оӊ кадамдарды таштаса, олуттту иштерди баштаса, өзүнө деле “өлө” сонун болмок да. Бир карасаӊ, Атамбаевдин юридикалык жактан менчиги болгон СДПКсын талашып, эми баардык мүлкүн өткөрүп берсин деп сотко кайрылуу аракетин көрүп догурунуп турат.

Салыштыра келсек, Абдырахманов Атамбаевдин аялын жана балдарын тартып алууга жутунуп тургандай. Бирөөнүн аялын эле менин аялым деп талаша берсе, аягы кандай болот.

Абдырахмановдун КСДПга ээ болуудан башка дагы бир “оорусу” бар. Ал кыргыздын сыймыгы болгон Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин жасоо…Элдин чогулткан миллиондорду коромжу кылбай, залкар инсанга татыктуу эстелик жасатса го мейли… Шылдыӊдагансып, кайдагы бир окшобогон айкелди турузду. Кайра акча чогултту.

Кыскасы, Сагынбектин самаганы өлкөнүн өнүгүүсү эмес эле өз кызыкчылыгынан аракети экени Эштекбайдын энөө баласына да дайын болуп турат.

Булак: Багыт