Домой Саясат Абдыманап Кутушев секретариатты башкарат

Абдыманап Кутушев секретариатты башкарат

113

Абдыманап КутушевПарламенттин бешинчи чакырылышын­да 4 жылдай депутат болуп, бул убакыттын ичин­де коомчулук­ка өзүн мыкты депутат катары көрсөтүп, иш билгилиги ме­нен элдин оозу­на алынган Абдыманап Кутушев бул шайлоодо тизмеде №51де болуп, азырынча депутаттык мандатка кезеги жете элек, бирок анын алдында саналуу эле кишилер турат, демек, быйыл жаздабы, күздөбү же кыштабы, айтор депутат болуп калышы толук мүмкүн. КСДПнын билермандары ага чейин бош жүрбөй, Абдыманап мырзанын тажрыйбасын фракцияда колдонгону турушат. Бул маселени фракция лидери Чыныбай Турсунбеков да бышыктады. Так айтканда, Кутушев эми КСДПнын 18 кишиден турган “баш оорутма”, түйшүгү, жоопкерчилиги чоң секретариатын жетектемей болду. Эмесе, Кутушев мырзага албан-албан ийгиликтерди кааламакчыбыз!