–Өзүңдү кутман курак алтымыш жылдыгың менен өзүмдүн жана жаңы чыгып жаткан гезиттин редакциясынын кызматкерлеринин, окурмандардын атынан куттуктайын. Сенин атыңды уккандардын бир чети али жаш экен десе, айрымдары эми алтымыштын ашуусун ашып жатыптырбы деп келишет. Ылайым, аман-эсен болуп, эл-журтубузга пайдаңды тийгизип, көп иштерди аткара беришиңди тилейм.
–Рахмат, Баке! Өзүң да алтымыштын дал ортосуна келбедиңби, өзүң айткандай ден соолукта болуп, өмүрдө сапарлаш жүрөлү.
–Мына мезгил дегениң бир кезде, биз жаштык кезде жай аккан суудай сезилчү эле, эми болсо жазында кирген суудай ээ-жаа бербей көз ачып-жумганча өтүп жатат. Деги артыбызга кылчайып, биз эмнеден уттук, эмнеден уттурдук деп, жаштык мезгилде мындай-тигиндей окуяларды өткөрдүк, китептерди окудук деп эскергенге да убакыттын жоктугунанбы же аларга кайдыгер караганданбы билбейм, Чеховдун чыгармасындагы кутудагы адамдай болуп баратабызбы дейм…
–Өзүңө маектешкени келе жатып, филармониянын жанынан өтүп баратканда, менде да ушундай сезимдер болду, Баке. Азыр баарынан да убакыт таңсык, абийир таңсык, адамгерчилик тартыш. Сен айткандай, жаш мезгилибизде ким кандай китеп окуду, ким кандай чыгарма жазды деп талкуулап, сындап жатып калар элек. Анда китептин да, чыгарманын да, авторлордун да кадыр-баркы жогору болчу. Эгерде жакшы китептин бир нускасын таап алсак, бири-бирибизден кезекке туруп алып, күн-түн дебей окуур элек да!
–Чынын айтканда, азыр совет мезгилинде чыккан китептерден да көп китептер чыгып жатат. Көбү макулатура, кимдин акчасы болсо, ким эптеп кат тааныса – бардыгы “атың чыкпаса, жер өрттө” деп эле бирдемени чүрмөп жазып жатышат. “Нуска” басмасына барсаң жык-жыйма китептер, орун жок. Ал эми кыргыз классик акын-жазуучулардан бирин-экинин гана кездештирбесең, алардын аты-жыты да жок. Мен ойлоп кетем, ошондой дүкөндөргө китептерди коёрдон мурун жанында эле турган Жазуучулар союзунан бир электен өткөрүп коюшса дурус болчудай. Анан классик калемгерлерибиз ушинтип унутула береби деп аябай түйшөлөм да.
–Жаштыгыбыз өткөн доордо “Окуу, окуу жана окуу” деген ураан эң биринчилерден болчу. Ал мезгилде “подписка” деген болор эле. Дүйнөлүк, орус жана совет классиктеринин чыгармаларынын томдоруна жазылчубуз. Химиги болобу, математиги болобу, физиги болобу, агроном болобу, ж.б. адистердин бардыгы көркөм адабиятты окушчу, аң-сезимин өстүрүшчү, таалим-тарбия алышчу, руханий жактан байышчу. А азырчы?! Аларды кой, филологдордун өздөрү көркөм чыгарма окушпайт, а акын-жазуучулардын көбү өзү менен алек. Баке, өзүңдү бир сүйүнтүп койоюн, Президентибиз А.Атамбаевдин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программасына карата Жарлыгы боюнча “Окурмандардын китеп текчесине”, “Эл адабияты”, “Залкар акындар” жана “Айтыш” сериялары басылып чыгып, уланып жатат. Мына ушул сериялардагы китептер мектептерге, китепканаларга таратылып берилет, ошондой эле электрондук көчүрмөлөрү сайттарга жарыяланат. Өзүң белгилегендей, китеп дүкөндөрүндө классиктердин чыгармаларынын жоктугу – бул руханий байлыгыбыздын боштугун көрсөтөт, аларды китеп текчелерине кайрып келүүнү ойлошубуз керек. Мына, Казакстанга барсаң, китеп дүкөндөрүндө М.Ауэзовдун, С.Мукановдун, И.Есенберлиндин, А.Нурпейисовдун ж.б. чыгармалары том-томдоп турат, каалаганыңды сатып ал да окуй бер. А биздин окурмандар жада калса Айтматовдун китептерин таппай, басмалардан издеп жүрөт.
–Быйыл “Маданият жана тарых жылы” деп белгиленди, балким, эми руханий дүйнөбүздөгү боштуктар толор?
– Жакшы болду, көптөн күткөн мамиле эми болот деген ишеним бар. Эгерде жогоруда белгиленгендей, Улуттук программа ишке ашса жүздөгөн көркөм китептер жана илимий эмгектер жарык көрөт. Тарыхыбызды тастыктап, маданиятыбызды көтөрүп алууга мүмкүнчүлүк берилип жатат. Ушул ишенимди маданият жана искусство ишмерлери, акын-жазуучулар, окумуштуулар пайдаланып калбасак болбойт, кийин мамлекетке доо артпагандай бололу.
-Электрондук китепкана, аудиокитепкана жана башкалар деген мага такыр эле жат болуп көрүнүп жатат, сагачы…
-Булар техниканын өнүккөнүнүн далили эмеспи. Мезгил өткөн сайын түшкө кирбеген илимий-техникалык жаңылыктар болуп жатат. Мисалы үйдө отуруп алып, машинаны от алдыруу жөнүндө экөөбүзгө мурун айтса дегеле ишенбейт элек да. Ошол сыңары электрондук китепкана, аудиокитепкана бүгүнкү күндүн талабы. Мурда деле радиоуктуруулардан Советбек Жумадыловдун, Арсен Өмүралиевдин, Жамал Сейдакматованын, керек болсо Чыңгыз Айтматовдун көркөм окуусунан берилип калчу эмес беле. Образдарга кирип окуганда угуп эле отурчусуң. Бирок, сен айткандай көркөм чыгарманы өзүң менен өзүң болуп окуп, руханий дүйнөгө жуурулушуп кеткениңе жетпейт эмеспи.
–Мен дал окурмандын өзүнүн окуусу тууралуу айтып жатпаймынбы. Текстти көзүң менен көрүп, элестетип дегендей… Анан да мага көркөм чыгарманын ордуна анын киносун көрүп коюу да жакпайт.
–Аның туура. Көркөм текст менен киносценарийдин ортосунда көп айырма болот. Айтматовдун чыгармаларын кийинки экрандаштыруулары мага да таптакыр жакпайт. Режиссёрлор айтматовдук философиялык тереңдикти, подтексттик катмар-катмар ойлорду, курч психологиялык конфликттерди, каармандардын жан дүйнөсүн түшүнбөй калышкан.
–Кайсы кинолорду айтып жатасың?
–“Гүлсарат”, “Чыңгызхандын ак булуту”, “Тоолор кулаганда”, “Фудзиямадагы кадыр түн”. Пикирлеримди өз убагында басма сөздөрдө ачык эле жазган элем. Айрымдары жөнүндө Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүүсүндө эле билдиргемин.
–Анан жазуучу кандай кабыл алды эле?
–Менин пикириме ынангандай эле болду. Анткени, мен далилдүү фактылар менен сүйлөгөн элем. Албетте, көркөм чыгарманын маани-маңызын толук чагылдырган эң жакшы кинолор да жок эмес, ал режиссёрдун жана артисттердин талантына байланыштуу. Мухтар Ауэзовдун аңгемелеринен тартылган “Караш-караш окуясы”, “Көк серек” кинолорун Сүймөнкул Чокморовсуз, Төлөмүш Океевсиз, Болот Шамшиевсиз элестетүү мүмкүн эмес. “Ак кеме” да ошондой, Кутманалиев, Куттубаев, Күмүшалиева жана баланын ролун аткарган Нургазы көз алдыга даана тартылат. Бирок, ошентсе да китепти окуу керек, китеп деген жан дүйнөнүн азыгы, байлыгы, адам баласынын турмушунда китептин ролу жана орду түбөлүк кала берет. Канчалык техника өнүкпөсүн китептер улам миллиондогон нускалар менен кайра-кайра басылып жатат, алардын арасында Чыңгыз Айтматов да бар экени бизди сүйүндүрөт. Анын үстүнө эки кылымдагы китептердин баарын электрондук китепкана кылып түзүү үчүн ондогон жылдар керек, аларды качан компьютерге салат деп күтүп отура берсек, канчалаган муундар китептерди окубай, тарбияланбай, жан дүйнөлөрүндө боштук болуп калат. Мен окуп бүткөн китептеримди тааныштарыма таратып берем.
–Мунуң жакшы экен. Сенин убактың өтө тар, окурмандар кантип жетишет деп таң калышат, деги китеп окуп, кино көрүп, тойго барып, эс аласыңбы?
–Баары эле сенчилеп сурай беришет. Мен деле адаммын да. Сен айткандай, көркөм, илимий, публицистикалык китептерди окуп келем, той-аштарга кечикпей, эрте кетип калбай аягына чейин катышам, кинодо болсо күнүгө үч-төрт серия көрөм, ал эми футболдорду калтырбай кызыгып көрөм. Дагы кандай сурооң бар?
–Бул жолу жетишет го дейм. Менин суроолорума жооп берип жатасың, бул да – убакыт. Коом, эл үчүн убактың көп болсун! Ырахмат!
“Китеп- өзүнүн баа жеткис жүгүн жүктөп алып кылдаттык менен мезгилдин толкунун жиреп укумдан-тукумга карай багыт алган ойдун кемеси”. (Ф.Бекон)
“Китеп бир муундун экинчи муунга калтырган осуяты: карыялардын жаштарга берген кеңеши, эс алууга бараткан сакчынын анын ордуна келген сакчыга берген буйругу”. (А.И.Герцен)
“Китеп окугандардын үч түрү болот. Биринчиси окуйт, бирок түшүнбөйт, экинчиси түшүнөт, үчүнчүсү окуп түшүнүп, анын жазылбай калган жагын да байкайт”. (Г. Лихтенберг)
Маектешкен Баратбай Аракеев