Биздин мамлекеттин билим, илим тармагында өмүр бою ийне менен кудук казып келаткан сыймыктуу адамдарыбыз арбын. Бирок, алардын арасында Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университеттин ректору Мусаев Абдылда Инаятович деген ысым өзгөчө орунду ээлеп турат. Агайыбыз билинбей эле 60 жашка чыгып калыптыр. Алгач агайыбызды 60 жылдык кутман курагы менен куттуктап, ага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалап коёлу. Бизде 60ка чыгып жаткан белгилүү адамдар көп, алардын көбүнө көңүл деле бурбай калабыз. Ал эми Абдылда мырзанын басып өткөн бараандуу жолу, мамлекетке сиңирген аз эмес эмгеги ал тууралуу учкай болсо да макала жазууга өзүнөн-өзү жетелеп турат. Эмесе, 60 жаштагы агабыздын бейнесине бирге көз чаптыралы.
Абдылда Мусаев 1956-жылдын 20-январында азыркы борбор шаарыбызда жарык дүйнөгө келгени менен, анын ата-теги чокусу асман тиреп, ар дайым, ак кар, көк муз кетпеген Ат-Башыны жердеп келген. Атасы Мусаев Самар элибизге кеңири белгилүү чоң окумуштуу болгон. Ал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн кыргыз элинин руханий туу чокусу болгон “Манас” эпосуна арнап, “Манас” дүйнөсүн калктын калың катмарына жеткизүүдө, “Манасты” ийне-жибине чейин терең изилдөөдө алдына киши салган эмес. Муну кыргыздын мен деген манас изилдөөчүлөрү деле четке какпаса керек…
“Аккан арыктан суу агат” дегендей, Абдылда мырза бала чагынан эле терең билим алууга өтө ынтаа коюп, ата жолун улап илим деген түбү жок кудукту ийне менен каза баштайт. 1978-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктап, ошол эле жылы Ош шаарындагы педагогикалык окуу жайында мугалим болот. 1982-1985-жылдары Кыргыз билим берүү академиясында аспирантурасын аяктап, филология илиминин кандидаты, кийинчерээк доктору болот. 1985-1995-жылдары улуттук университетте: улук окутуучу, доцент, кафедранын башчысы, декан сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап, бул он жыл аралыгында окуу жайлардын флагманы болгон КУУнун таасирин күчөтүүгө, даңазасын арттырууга чоң салым кошот.
1995-жылы Бишкек гуманитардык окуу жайынын Эл аралык билим берүү борборун бир жыл жетектейт. 1996-1998-жылдары БГУда проректор болуп иштеп, тубаса жетекчилик кызматтарда лидер болуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин көрсөтүп, көпчүлүктүн мактоосуна, сыймыктануусуна татыйт. Баса белгилеп, айтып койчу нерсе, жетекчилер Абдылда Мусаевди көп учурда окуу жайда жаңы ачылган борбор же кайсы бир иши жакшы жүрүшпөй жаткан окуй жайдын филиалдарына директор кылып дайындоону салт кылып алышкандай. Ушундай ишеним жүгү Абдылда мырзага көп эле жолу артылып, барган жерин же өзү башкарган мекеме-окуу жайларды эл мактай турган жогорку деңгээлге чыгарып турганын төмөндөгүдөй мисалдар менен айтсак болот.
4 миңден ашуун студент жана 17 млн. киреше
1999-жылы БГУда кайрадан проректор болуп дайындалып, эми ага окуу жайдын иши анчалык жүрүшпөй жаткан Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун эки тизгин, бир чылбырын карматышат. Аталган институтту 6 жыл башкарып, чоң көрсөткүчтөргө жетишет. Бул маселени эки ооз сөз менен айтсак жетиштүү болоор. Ал институттагы 8 кесиптик билим берүүнү 17ге көбөйтүп, 1500гө жетпеген студенттердин санын кыска убакытта 4 миңден ашырган. Ошол кезде аталган институттан бюджетке жылына 17 млн. сом киреше түшүрүп турган. Албетте, мындай чоң көрсөткүчкө жетүү оңой-олтоң болгон жок. Окуу жайдын деңгээлин көтөрүү үчүн биринчи кезекте сапат маселесине чоң көңүл буруп, институттун мугалимдик жамаатына илим чөйрөсүндө аты алыска угулган: профессорлорду, докторлорду, кандидаттарды, күчтүү мугалимдерди көбүрөөк тарта билгендиги — ийгиликтин бир ачкычы болуп берген.
Ректорлук жана министрлик
2005-жылы Абдылда Мусаевге мурункудан да чоң жүк артылып, БГУнун ректору атаандаштыктын негизинде ректор болуп шайланат. Ректор болуп, туура 4 жыл иштеп, аталган окуу жайдын кадырын көтөрүп, Бишкектеги абройлуу окуу жайларынын катарына кошууга жетишкен кезде жогорку бийлик 2009-жылы өкмөткө алып кетип, так айтканда Билим берүү министри кылып дайындайт. Ал министр болуп аз убакыт иштеди. Бул кыска убакыттын ичинде көптөгөн максаттарын, реформалык идеяларын толук ишке ашыра албай калганы менен, негизги иштерди баштап койгон болчу. Айтсак, ал азыр да замандын талабы болуп турган саны бар сапаты жок ЖОЖдорду кыскартууга, бириктирүүгө басым жасап, бул жаатта бир катар конкреттүү иштерди жасаган. Башка министрлер качкын президент Курманбек Бакиевге жагынып: “Бизде баары сонун, кемчиликтер жок, көйгөйдүн баарын чечип жатабыз” — деген кыязда калпты чындай кылып айтып турушса, Абдылда Инаятович алардын арасында “ак карга” өңдөнүп: “Кыргызстан дүйнө жүзүндө студенттердин саны боюнча алдыңкы орундарда турат. Бирок, биз билим берүүнүн сапаты боюнча мактана албайбыз. Жакында 15 ЖОЖдун ишмердүүлүгүн тыкыр иликтеп, анын жыйынтыгында талапка ылайык келбеген ар кайсы регион, шаарлардагы филиалдарын толугу менен жаптык. Мындай иштер алдыда дагы уланат” — деген билдирүүлөрдү кез-кези менен жасап турган. Мындан тышкары, Билим берүү тармагынын 2020-жылга чейинки стратегиясын иштеп чыгууну колго алып, бул маселеде да бир иштер аткарылган. Айтор, сапатка эмес, санга гана басым жасап, коррупцияга белчесинен батып калган министрликтин ирик-чиригин тазалап, жакшы көрсөткүчтөргө жетүүнүн аракетин тынымсыз көрүп баштаганы бийликтин бийик секисиндеги билермандарга анчалык жага бербей, аны кызматтан бошотуп коёт. Билишибизче, Абдылда мырза азыр да бул позициясынан тайган жок.
Кайрадан ректорлукка…
Мамлекетти калыс жетекчилер башкарса, иштин көзүн билген, тажрыйбалуу адистер көз жаздымда калбасы чын, эртеби-кечпи анын тажрыйбасын мамлекет пайдасына колдонушат. Абдылда Мусаев да министрлик кызматтан кеткенден кийин, бир аз убакыт бош жүргөнү менен, узак убакытка бош калган жок. Анын үстүнө, ал айрым инсандардай болуп элге жек көрүнгөн эмес, өмүр бою өз ишин так аткарып, башкаларга үлгү болуп, элдин урматтоосуна ээ болуп келгендиги ырас. Мына ушул себептен улам, аны 2011-жылы мурунку ордуна, БГУнун ректорлугуна кайрадан дайындашкан. Учурда аталган окуу жай Кыргызстандагы эң атактуу, санга эмес, сапатка басым жасаган, 40 жылга жакын өздүк тарыхы, бай тажрыйбасы бар, ошондой эле ондогон чет мамлекеттер менен стратегиялык мамиле түзгөн окуу жайлардын бири. КРнын билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмер, илимдин доктору, профессор, “Түгөлбай — Ата” жана Кусейин Карасаев атындагы сыйлыктардын лауреаты Абдылда Инаятович акыркы 20 жылдан ашык убактысын, билимин, тажрыйбасын БГУнун аброюн көтөрүүгө жан аябай сарптады. Жыйынтыгында аталган окуу жайды кесиптештери, профессорлор: Тилектеш Ишемкулов, белгилүү карыя журналист, илимпоз Станбек Усупов, Искендерова Кундуз, Муктар Чогулдуров, Светлана Элебесова, Талас Машарапов, Евгений Савин, арабыздан кеткендерине аз гана жылдар болгон маркум устат-агайлар, тилчи жана сынчы Санарбек Карымшаков, белгилүү дипломат, мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдыразаков ж.б. ондогон адис мугалимдер менен биргеликте жогорку деңгээлге көтөрүп, мамлекетибиздин сыймыктуу ЖОЖдорунун бирине айланта алды. Мунун өзү чоң эмгек эмеспи. Биз жогоруда Абдылда Мусаевдин жетекчилик ишиндеги жетишкендиктерин толук болбосо да, урунттуу учурларына токтолдук, ал эми анын илимде жараткан ийгиликтери, чыгармачылыгы да чоң сөз кылууга арзыйт. Айтмакчы, “60ка чыкканда атаңдын алдап-соолап күчүн ал” дегендей, тажрыйбасы ашып-ташып турган Абдылда Инаятовичтин жакынкы мезгилдерде кайрадан эски ордуна барышы, табышмактатпай айтканда Билим берүү жана илим министри болуп калышы да ыктымал. Бул кептер буга чейин да тар чөйрөдө, ЖМКда байма-бай айтылган, демек, бекеринен айтылбаса керек.
Азамат КАНГЕЛДИЕВ