ЕАЭБ менен Кытай соода-экономикалык кызматташууну кеңейте турган макулдашуу түзмөкчү
Биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов ЕАЭБ менен Кытайдын өз ара кызматташуусу Кыргызстан үчүн эмне пайда алып келерин айтып берди.
Бүгүн Бишкекте «Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгы: экономика жана коопсуздук жаатында евразиялык интеграциянын өнүгүүсүнүн жаңы багыттары» аттуу конференция өтүп жатат. Абдыгулов Вьетнам менен түзүлгөн макулдашууну эске салды. Документ аталган өлкө менен ЕАЭБ ортосундагы товар айланатуунун көлөмүн азыркы 4 миллиард доллардан 8-10 миллиардга чейин жогорулатууга жол ачат. Мындай макулдашууларды бир катар өлкө менен түзүү каралган. Биринчи вице-премьер ЕАЭБдин Кытай менен түзө турган макулдашуусуна да токтолуп өтүү. Анын айтымында, мындай кадам соода-экономикалык кызматташуу менен аталган аймактагы интеграциялык процесстерди кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. «Документ тармактык кызматташуу, ички рынокту, интеллектуалдык менчикти коргоого тиешелүү болот», — деди Абдыгулов. Ал Кыргызстан үчүн бул макулдашуунун пайдалуу экенин, анткени биргелешкен долбоорлордун алкагында тармактык кызматташууну кеңейтүүгө, тышкы соода механизмдерин ачык-айкын кармоого ыңгай түзөт. Абдыгулов бул өз кезегинде электрондук сооданын өнүгүшүн камсыздап, көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.