Домой Коом Абдыганы Эркебаевдин уулу Азат дарыгерлерге бет кап, вирустан коргоочу кийимдерди берди

Абдыганы Эркебаевдин уулу Азат дарыгерлерге бет кап, вирустан коргоочу кийимдерди берди

304

Айтылуу Абдыганы Эркебаевдин уулу Азат Эркебаев да элдин башына кыйынчылык түшкөндө карап турган жок. Мурда Чоң-Алай менен карылар үйүнө тийиштүү жардамын берсе, бу сапар дарттын очогу болгон жерлерге “Жаңы Жибек-Жолу” ассоциациасы жана Пекиндин илимий-техникалык компаниясы менен бирдикте маска, дарыгерлер кийүүчү комбинизон жана дезинфекциялоочу каражаттарды берди.

Дүйнөнүн шайын оодарып жаткан жаман дарт менен күрөшүүгө кошуна Кытай мамлекети да колунан келген жардамын берип, салымын кошуп жатканы кубантат. “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген сөз бекер айтылбаган окшойт. Кытайлар коронавирусту жеңүүнүн жолун эле эмес, медицианалык зарылчылыктарды да жоюуга кол кабыш кылууда.