Домой Саясат Абдусаламов Мирза-Улугбек, Ɵзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын тɵрагасы: «Кыргызстанда шайлоо демократиялык нукта,...

Абдусаламов Мирза-Улугбек, Ɵзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын тɵрагасы: «Кыргызстанда шайлоо демократиялык нукта, жогорку деңгээлде ɵтүүдɵ»

73

viagra bestellen auf rechnung.

                 7190.Still001Ɵлкɵбүздɵ ɵтүп жаткан  президенттик шайлоого байланыштуу кошуна Ɵзбекстандан да бир канча байкоочулар келип, шайлоо процессине байкоочулук кылышууда. Аларды Ɵзбекстандын  Борбордук шайлоо комиссиясынын тɵрагасы Абдусаламов Мирза-Улугбек  баштап келген. Кошуна ɵлкɵнүн БорШайКомунун тɵрагасы  КРдаг ы шайлоонун ɵтүшү боюнча ɵз пикири менен бɵлүштү.

— Биз атайын кошуна Кыргызстандагы  президенттик шайлоонун ɵтүшүнɵ байкоочулук кылалы деп келгенбиз. Келгенибизге 4 күн болду. Бул убакытта Ɵзбекстандан келген байкоочулардын делегациясы КРнын БШКсында, АШКларда жана  30га жакын шайлоо участкаларында болдук. Ошондуктан Кыргызстандагы президенттик шайлоонун кандай ɵтүп жатканына так пикир айта алам.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо демократиялык негизде ɵтүп жатат. Шайлоо процедураларында ачык-айкындуулук орун алып, Конституциядагы, КРнын шайлоо мыйзамдарындагы  талаптар толугу менен аткарылууда. Кошуна ɵлкɵдɵгү  ири  саясий окуя эң жогорку, дүйнɵлүк демократиялык деңгээлде  ɵтүп жатканына кубанычтабыз.

Баса белгилеп айтчу бир нерсе, шайлоо заманбап, жаңы шайлоо системасында ɵтүп жатат. Шайлоочулардын электрондук тизмелери, маалыматтарды  идентификациялоо, техникалык каражаттардын негизинде добуш берүү жана добуштардын автоматтык түрдɵ эсептелиши. Булардын баары шайлоонун ачык-айын, таза ɵтүшүн  камсыз кылууда. БШК, АШК, УШКлардын баары  шайлоону ɵткɵрүүгɵ жакшы даярданышыптыр. Биздин БШКдагы кесиптештерибиздин  ушундай саясий окуяны жогорку деңгээлде ɵткɵрүп жатканы сыймыктандырат. Элдин да маанайы жакшы, майрамга келгендей келишип, добуштарын берип кетишүүдɵ.

Шайлоонун жыйынтыгы менен кыргыз эли ɵзү каалаган, тандаган президентти  шайлап алат деп ишенем. Кыргызстанга, кыргыз  элине ɵсүп ɵнүгүү каалайм!