Домой Аналитика “Абалдан чыгуу үчүн жардам берүүгө даярмын”. Казакстандын президенти чек арадагы жаңжал боюнча...

“Абалдан чыгуу үчүн жардам берүүгө даярмын”. Казакстандын президенти чек арадагы жаңжал боюнча билдирүү жасады

46

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жасады. Президент эки тарап даанышмандыгын көрсөтүп, бардык маселелерди тынчтык жолу менен чечерине ишенерин айтты. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз кызматынан билдирүү таратканын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Өлкө башчысы Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал тууралуу маалыматты катуу тынчсыздануу менен кабыл алганын белгилеген.

“Кыргыздар менен да, тажиктер менен да бир тууган элбиз, баарыбызды орток маданий баалуулуктар жана жалпы тарых бириктирип турат. Элибизге толеранттуулук мүнөздүү, өз ара сый мамиледе болуп келгенбиз. Ок атуунун токтоп, эки мамлекеттин тийиштүү өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрдү баштаганын кош колдоп колдойм”, – деди Токаев.

Токаев абалдан чыгуунун жолун издөөгө салымын кошууга даяр экенин да белгиледи.

“Чек ара көйгөйлөрүн жөнгө салуу механизмдерин Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунда иштеп чыгууга болот деп эсептейм”, – деди Токаев.