Өмүрбек Бабановдун үгүт учурунда радиолордон коңшу Казакстан, Россия мамлекеттеринин эли бизден 8-10 эсе мыкты жашайт деген билдирүүсү кетип жатат. Бабановдун мындай маалыматы канчалык негиздүү деп ойлойсуз?
— Негизи мындай салыштырган такыр туура эмес. Ички дүң пайыз боюнча салыштырса болот. Бирок, башка мамлекеттин эли кыргыздардан 8-10 эсе жакшы жашайт дегени туура эмес. Кайсы бир мамлекет бай болуп, анда жашаган калк кедей болушу ыктымал.
Анан дагы Бабанов Сингапурду мисал кылып жатат. Керек болсо ал мамлекет биздин Кара-Суу районунан 5 эсе кичине.
— Бабанов 8-10 эсе деген сөзүн ишенимдүү айтып жатат. Бизде аны аныктаган так механизм барбы? dexamethasone over counter.
— Мындай так маалыматты аныктай турган механизм жок. Талапкерлер ар кайсы кептерди токтотуп, программасын эле жайылтпайбы деп айтат элем. Эл деле кооз сөздөргө ишенбейт. Андан көрө мамлекетти өнүктүрүүнүн конкреттүү сунуштарын айтсын.