1-июлда кыргыз бермети Ысык-Көлдүн жээгинде Тоӊ районунун Шор-Булак айылында “Аалам” саясий партиясынын 10 жылдык мааракеси болуп өттү. Мааараке Кыргызстандын жети облусунан келген коноктор, Ош-Бишкек шаарынын өкүлдөрү, Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, саясатчылар жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда болуп өттү. Конференциянын ачылышында партиянын лидерлери Арсланбек Малиев жана Жылдызкан Жолдошова эл алдында отчёт беришти. Алар он жыл аралыгында партия маданий, тарыхый спорттук иш чараларды системалуу түрдө уюштуруп жана бир нече кайрымдуулук акцияларын өткөрүп келе жатканына кеӊири токтолушту. Партия лидерлери түптүү кыргыз элинин каада-салтын сактап кырк уруу кыргызга кырк боз үй тиктирип, калыӊ элдин батасын алышты. Конференциянын жүрүшүндө Арсланбек Малиевдин басып өткөн жолу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Конференциянын расмий бөлүгүнүн аягында Арсланбек Малиев жана Жылдызкан Жолдошоваларга эл ак батасын беришти. Андан кийин айылдын ат майданында Ат чабыш болуп, байгеге 2 унаа жана баалуу белектер коюлду. Арсланбек Малиев күздөгү Президенттик шайлоого ат салышаарын бидирди.