“Түндүк электро” ишканасынын башкы директору Искендер Кадыркулов 7-ноябрь Басма сөз күнүнө багыттап журналист журтчулугу менен жолугуп, аларды кесипттик майрамы менен куттуктап, андан соӊ өзү жетектеп жаткан ишканадагы аткарылып жаткан иштерди, электр тармагындагы күнгөй-тескейлерди кеӊири айтып берди. Биз ал маалымат жыйынында айтылган айрым бир маанилүү маселелелерди окурмандарга сунуштайбыз.
—Искендер мырза, босогобузга кылычын көтөрүп кыш кирип келди. Сиздер тараптан даярдык иштери кандай жүрдү? Кыш мезгилинде электр жарыгын “жалп” этип өчүрүүлөр болбойбу?
—Мен дароо эле баса белгилеп айта кетейин, Кудай буйруса, электр энергиясын кыш мезгилинде өчүрүүлөр болбойт. Биз тараптан кышкы мезгилине талапка ылайык кандай даярдык көрүү керек болсо, анын баарын биз ойдогудай эле аткардык. Бирок, негизи эле кышында электр энергиясын колдонуу, керектөө өз чегинен дайыма ашып кетет. Мына ушул маселени эске алып, биз элге үнөмдүү колдонууну сунуштап келебиз. Анткени, ашыкча, коромжу колдонгон кардарлар аз эмес. Чынында кыш мезгилинде аба-ырайы катаал болуп, суук катуу болсо, бул жагдай да биздин ишмердүүлүгүбүзгө терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Ошондуктан, биз аба-ырайыбыз дайыма туруктуу болуп, кышыбыз жеӊил боло экен деп эл менен бирге тилек кылабыз. Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча электр энергия жабдууларын оңдоо иштери 101 % аткарылды. Бул багытта дагы да тиешелүү иштер аткарылып жатат.
—“Түндүк электро” тууралуу окурмандарга кененирээк маалымат берсеӊиз?
—Биздин ишкана базар экономикасынын шартында өзүн өзү актоо принцибинде иштеп келет. Кыргызстанда ички рынок үчүн иштелип чыккан электр энергиянын 40%дан ашуун бөлүгүн бөлүштүрүү жана сатууну ишке ашырат жана Чүй, Талас облустарынын, Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан чыңалуусу 35-10-6-0,4 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарын пайдаланууну жана оперативдүү тейлөөнү ишке ашырат. 2019-жылдын 1-июнуна карата “Түндүк электр” ААКнын 577 274 юридикалык жана жеке жактар болгон кардарлары бар. Аба, кабелдик чубалгыларын, жогорку вольттуу, төмөнкү вольттуу электр желелерин жана энергетикалык жабдууларды тейлөөнү, ошондой эле электр энергия сатып алуу, бөлүштүрүү, сатуу ишмердигин 20 аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзүп жатат. Жалпысынан алганда биздин ишканага тиешелүү 20 миӊ чакырым электр чубалгылары бар. Ал эми абоненттеринин электр энергияга болгон карызы биринчи октябрга 366,9 млн. сомду түздү. Тогуз айда керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 347,6 млн. сомго же 48,7 %га төмөндөтүштү.
—Сиздер электр энергияны канча тыйындан сатып аласыздар жана ал баа өзүн актайбы?
—Өзүн актабайт. Бул маселени мен мисал менен айтып берейин. Өткөн жылы биз “Электр станциялар” ААКсынан электр энергиянын 1 киловаттын 79 тыйындан сатып алдык. Жалпыга маалым болгондой физикалык жактан алганда электр энергияны керектүү жерге жеткирүүдө техникалык жоготуулар болот. Биздин жоготууларды эсептесек, 12 пайызга жакындап калды. Ошондо биздин сатып алган баа 90 тыйынга чыкты. Элге болсо 77 тыйындан сатылат. Пенсиядагы адамдар, социалдык жактан аз камсыз болгондор электр энергияны айына 300-400 сом чейин жагат, андан ашырышпайт. Айтор, ушундай жагдайлардын баарын эске алганда, биз сатып алып жаткан электр энергия өзүн актабай калат. Быйыл болсо, 71 тыйындан сатып алып жатабыз.
—Акылдуу эсептегичтерди абоненттерге орнотууну улантып жатасыздарбы? Бул боюнча эмне айтасыз?
—Бүгүнкү күндө “Түндүк электродо” 577 миӊден ашуун абонент бар экенин жогоруда айттым, алардын 200 миӊине “Акылдуу эсептегичтер” орнотулган. Жакынкы убакта биз дагы 35 миӊ “Акылдуу эсептегич” коёбуз. Андан ашык кереги жок. Себеби, экономикалык жактан алганда бизге андай жабдууларды орнотуу пайдасыз болуп калды. Азыр заман башка. Эл электр энергияны мурункудай уурдабай калды. Себептери түшүнүктүү.
—Энергетика тармагында Ширшовдун схемасы дагы эле ийгиликтүү ишке ашып жатканын эксперттер, ЖК депутаттары, энергетиктер байма-бай айтып келишет. Айтылган схеманын тамыры такыр кыркылды беле, же чындап эле ийгиликтүү ишке ашып жатабы?
—Мен ошентип айткан эксперттер болобу, депутаттар болобу, айтор баарына эле ошол Ширшовдун схемасы болсо көзгө сайып көрсөтчү деп ачык эле айтып келатам. Биз өзүбүзгө тиешелүү ишти так аткарып, мыйзам бузбай иштеп жатабыз. Техникалык, экономикалык нормативдер талапка ылайык сакталып жатат. Схема кайсыл жактан, кандай ишке ашып жатканын далилдер менен айтышсын. Далили жок айта берсе эл да ишенбейт. Турмуштан алынган мындай жакшы сөз бар: “Мышык илинип турган сары майга секирип жетпейт, акыры чарчаганда, энеӊди дурайын сасык экен” дептир. Анын сыӊарындай кээ бир адамдар өздөрү деле түшүнүгү жок ушул багыттагы маалыматтарды жайылтып коюшат. Биз ал маселени деле байкап жүрөбүз. Ким ошондой схеманы көрсөтүп берсе, коомчулукка ачыкка чыгарып, тиешелүү чара көрөлү.
—Демек, Ширшовдун схемасы 100 пайыз жок деп ишенсек болот…
—101 пайыз ишенсеӊиздер болот.
—Деги эле энергетика тармагындагы электр жабдуулары жалпысынан алганда дээрлик көбү эскиргенин байма-бай айтып келебиз. Бул көйгөйлүү маселе сиз жетектеген ишканага да түздөн-түз тиешелүү да. Бул багытта кандай иштер аткарылып жатат?
—Ооба. Чынында бизге да тиешеси бар. Негизи электр жабдуулары 25 жылдан 30 жылга чейин эле иштеши керек. Бирок жетишпестиктен улам, эмдигиче оӊдоп-түзөп пайдаланып жаткан электр жабдуулары аз эмес. Ошондой болсо да бир четинен жаӊылап да жатабыз. Акыркы 3 жылда эски трансформаторлорду котордук. Мындай иштерди мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша уланта беребиз.
Айбек ШАМШЫКЕЕВ