Жергиликтүү дизайнерлерибиздин арасында кеңсе кийимдерин жараткандар жокко эсе болуп келген. Ошондуктан эл чет элдик өндүрүшчүлөрдүн кийимдерин кийүүгө аргасыз эле. Эми бул маселеге чекит коюлду.Себеби ата-мекендик өндүрүштө мындай кийимдер пайда болду.
— Айжан,жакында эле кеңсе кийимдеринин көргөзмөсүн өткөрдүңүз. Эмнеге дал ушул стилге басым жасадыңыз?
— Негизи, кесибим боюнча дизайнер эмесмин.Учурда мамлекеттик кызматта эмгектенем. Жумушума байланыштуу дайыма классикалык стилде кийинүүгө туура келет. Дүкөндөрдү кыдырып өзүмө жаккан, сапатттуу кийим таба алчу эмесмин.Ушундан улам кээде спорттук кийимде жумушка барган учурларым болгон. Тапкан күндө дагы башка бирөө меникине окшош кийим менен алдымдан чыкчу. Ушундан улам мага кеңсе кийимдерин тигүү идеясы келди. Максат Сматов аттуу дизайнер таанышым бар. Ага бул оюм тууралуу айтып, чогуу иштешүүнү сунуштагам. Ал дароо эле макулдугун берип, аталган идеянын үстүндө иштей баштаганбыз.Мен, негизи, бир нерсенин башын баштасам, аягына чыкмайынча жаным тынбайт. Ошондуктан өзүмө кичинекейкоманда топтоп алып эле отелье ачкам. Азыр кардарлар сураган кийимдерди, кечки көйнөк, мырзаларга арналган кийимдерди, жадагалсаүлпөт көйнөктөрүн дагы тигебиз. Эми интернет-дүкөн ачууну пландап жатабыз.
— Билимиңизболбосокыйынчылык көп болсо керек?
— Ооба, жакшы эле кыйынчылыктар болду. Бир убакта эки жумуштаиштеп кыйналып калдым. Кечкибешкечейинөзүмдүнжумушумда, андан келиптүнгө чейинколлекциянынүстүндөиштепжаттым. Максат экөөбүздүн табитибиз ар башка. Мен жабыккийимдерди жакшы көрсөм, Максат ачык кийимдерге басым жасайт. Ошондуктан ортобуздаталаш-тартышбайма-бай болуп, бир ойгокелишибизкыйын болду. Анан дагы мырзаларга арналган костюмдарды жаратуу абдан оор болду.
— Канча убакытта бүттү?
— Мени чоң апам кичинекей кезимден эле тигүүчүлүккөүйрөткөн.Үйдө төшөктөрдү же керектүү нерселерди өзүм эле тиге коөм. Атайын тигүү курсунда дагы окугам. Бирок өзүмдү кесипкөй дизайнермин деп айтпайм. Бул коллекцияны тигүүгө атайын тигүүчүлөрдүжалдадым, бул жаатта тажрыйбасы мол Максат менен иштештим. Өзүм жумуштан колум тийбегендиктен, тигүү иштерине катыша алган жокмун. Кийимдердин жасалгасын ойлоп табууда эле өз пикиримди кошумчалап,керектүүбуюм-тайымдарды алып келип турдум. Калган ишти командам эки ай аралыгында бүтүрдү.
— Сиздин коллекцияңыздын өзгөчөлүгү эмнеде?
— Көп адамдар сапаттуу, ошол эле учурда алгылыктуу баадагы кийимдерди таба алышпайт. Менин коллекциямдагы кийимдердин бардыгы Италиядан алынып келинген сапаттуу кездемелерден тигилди.Аты чыккан бренддердин кийимдеринин тигилиши начар болуп, эртеси эле топчусу чыгып кетерин же болбосо тигилишисөгүлүп каларын байкайм.Ошондуктан мен тигүүнүн сапатына да өзгөчө маани берем. Менин отельеме келген кардарлар кийимдерди бирден карап чыгышса болот. Эгерде кымындай эле катачылык кетсе, дароо оңдоп беребиз. Мен сапатына кепилдик берем. Айымдардын кийген кийимдери бири-бирине окшош болбосун деген ой мененбир фасондогу кийимди үч өлчөмдөн ашык чыгарбайм. Ошондой элебиз диний өлкө экенибизди эске алып,өтө ачык кийимдерди чыгарбайм.
-“Сапатына жараша акча төлө” дегендей, баасы дагы кымбапты?
— Бир образды 25тен 30миң сомго чейин сатам. Эгерде ушундай эле сапаттагы костюмду башка дүкөндөрдөн алса, 60-40миң сом болот. Мындан мен утулуп калышым мүмкүн. Бирок мен үчүн башкы максат – кардарларымды сапаттуу кийимдер менен камсыз кылуу. Бизге бир гана сурооталап арбын болуп турса болду.
— Кардарларыңызды топтоого жетиштиңизби?
— Ооба, менин кийимдеримди көбүнесе саясатчылар, “Манас” аэропортунда иштеген кызматкерлер сатып алышат. Улам бири-биринен көрүп отуруп эле келе беришет. Ошондуктан мен кардарларым үчүн дайыма изденүүдө болуп, оригиналдуу, сапаттуу кийимдерди жаратууга аракет кыла бермекчимин.
Айгерим Токтобай кызы
Булак: Леди.кж