Медицина илимдеринин доктору, академик, «Гиннесстин рекорддор китебинин» дипломунун ээси Мамбет Мамакеев 94 жаш курагында COVID-19 оорусуна каршы эмдөөдөн өттү.
Ал бүгүн Бишкек шаардык №7 үй-бүлөлүк медицина борборуна келип, кечээ эле өлкөгө келген Спутник V вакцинасын биринчилерден болуп алды.
“Эпидемиологиялык абал начарлап жатат. Оорудан өлгөндөрдүн саны өсүүдө. Дүйнөлүк медицина өнүккөнүнө карабай COVID-19 оорусуна каршы эффективдүү дары табылбай келет. Мындан улам эселеп лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөн вакциналарды алып, бул жугуштуу оорунун алдын алууга болот”, — деди академик.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекованын айтымында, Бишкек шаарына жана Чүй облусуна Спутник V вакцинасынын 2500 дозасы бөлүнүп берилген. Белгилей кетсек, 22-апрелде Орусия Кыргыз өлкөсүнө Спутник V вакцинасын гранттык негизде берген.