Домой Коом 5 айлык ымыркайды Ошто мейманкананын алдына таштап кеткен

5 айлык ымыркайды Ошто мейманкананын алдына таштап кеткен

235

Болжол менен 15-октябрда бир келин күйөөсүнө өчөшүп, мейманкананын эшик алдына ымыркайын таштап кеткен. Мейманкана кызматкерлеринин айтымында, баланы кечки 8-9дарда табышкан. Сырттан бир жигит кирип, кире бериште төшөккө оролгон бала жатканын айткан. Баланы алып киришип, дароо милиция чакырышкан. Эркек бала экен, денеси ысып чыгыптыр, ошондо дароо тез жардам чакырышат. Ош шаарынын эмгек жана соцөнүгүү башкармалыгы аларда мындай маалымат жок экенин айтышты, бирок текшерип жатышыптыр.

Акыры баланын энеси табылды. Кара-Кулжада 1986-жылы туулган келин болуп чыкты. Бала 2019-жылы май айында төрөлгөн.

Булак: KyrgyzToday.kg