Домой Ден-соолук 400 дартка даба болгон гуаша массажы

400 дартка даба болгон гуаша массажы

281
Бу жолу кытайдын кылым карыткан гуаша деген массажы менен алектенген, Кыргызстандагы жалгыз адис Динар эжени кепке тартып, аталган массаждын дарылык касиетин, башка массаждардан артыкчылыгын билүүгө аракет кылдык. 

-Динара эже, гуаша массажы эмнени түшүндүрөт жана ал кандай ыкма менен жасалат?

-Гуа -кыруу, ша- жаман энергияны чыгаруу дегенди түшүндүрөт. Бул массажды жасоого  бир саат убакыт коротулат. Биринчи 20 мүнөттө арканы  укалап, экинчи 20 мүнөттө таза энергияга бай буйволдун мүйүзү менен кырам. Үчүнчү 20 мүнөттө массаждын эрежесин сактап, кайра колум менен укалайм. Ошол мезгилде адамдын үч бөлүктөн турган аркасына (жонуна)  бир жериңди уруп алгандай болуп, көк ала болгон сүрөт түшүп калат. Ошол  сүрөт аркылуу диагноз коюп, кардарларымдын жанын кыйнаган дартынан сакайтууга жардам кылам.

Башкача айтканда, алгач маселе   дем алуу органындабы, тамак сиңирүү органындабы же эндокриндик системада экенин  ажыратып билип алып, ошого жараша дарылоо процессин баштайм.

-Гуаша массажы башка массаждардан эмнеси менен айырмаланат?

Негизи гуаша массажы башка массаждардын түрүнөн өтө күчтүүлүгү жана дарылык касиетке бай экендиги менен айырмаланат. Башкача айтканда, гуаша массажынын  бир массажы башка түрдөгү массаждарды 10 жолку алганга барабар болот. Тагыраак айтканда, гуаша массажын бир жолу алган адамдын организми 35 километрге чуркап баргандай абалда болот. Гуаша массажы ушундай күчкө ээ болгондуктан, айрым кардарларга күнүгө эмес,  жумасына эки же бир гана жолу алуу сунушталат. Ошондой эле бул массажды дарттарды алдын алып, организмди тазалоо үчүн бир жылда эки  жолу же айына  бир жолу алса да болот.  Гуаша массажы адамды стресстен чыгарып, мээни эс алдырат. Аталган массаждын бир курсу адамдын дартына жараша аныкталат. Башкача айтканда, 10 жолудан же  20 жолудан  болот.

-Жогоруда гуаша массажына таза энергияга бай буйволдун мүйүзүн колдоном дедиңиз. Ал кандай күчкө жана кандай артыкчылыкка ээ?

Аталган массаждын дагы бир артыкчылыгы массаждын экинчи бөлүгүндө колдонулган  буйволдун мүйүзүндө. Тагыраак айтканда, буйволдун мүйүзү жакшы, таза энергияга бай болгондуктан, адамдын денесине тийер замат организмди талкалап, адамды артка тартып, ныксыратып  жаткан терс, жаман энергияларды чыгарып, кара дубаларды денеден кууп чыгып,  баштын ооруусун, желкенин тырышуусун, далынын уюшун жок кылып, адамдардын жакшы иштөөсүнө, алдыга умтулушуна шарт түзөт. Анткени, мүйүз баш сөөктө жайгашып, таза энергия менен азыктанат.

Аталган массаждын дагы бир касиети  массаж алып жаткан мезгилде адамдын организминде тазалануу, дарылануу жана кан айланууну, зат алмашуу  процесси жүрүп, адам 15 жылга  жашарат. Уйку бездин иштөөсү нормалдашат. Башкача айтканда, адамды алсыратып жаткан 400 дартка даба болот. Айтайын дегеним, бул массаждын түрү адамдын организминдеги уулу заттар шлак, таксиндерди заара аркылуу чыгарат. Ошон үчүн массаждан кийин адамдын өңү 3-4 тонго агарып, колтуктарындагы  кара тактар кетип, көзүнөн нуру чачырап калат.

Ошондой эле гуаша массажы  инсулть  дартына чалдыгып, арыктап кеткен адамдардын торолушуна, эттенишине жакшы жардам берет. Кан диабетинен жабыр тарткандарга оң таасирин тийгизет. Гуаша массажын алгандан кийин кант диабетинен жабыр тарткандардын организминде канттын көлөмү азайтат. Иммунитет көтөрүлүп, кандай стадиядагы рак болсо да, аны жеңүүгө жардам берет. Жүрөк кан тамыр ооруларынан сакайтат. Себеби, массаж алганда кан айлануу жакшырып, иммунитет көтөрүлүп, адам кандай дарт болбосун жеңип чыга турган күчкө ээ болот.

-Гуаша массажы аркага (жонго) эле жасалабы?

-Гуаша массажы  аркага (жонго) эле эмес, бетке да жасалат. Бетке жасалганда адамдагы чыңалып  калган психикалык  кыйналууну жана чарчоону жок кылат.  Бул массажды бетке алууда көздүн көрүүсү да, мээнин иштөөсү да жакшырып,  мээге кислород жетип, унутчаактык  жоголуп, даамды сезүү, жытты билүү ойгонот.

Гуаша массажынын дагы бир мактоого арзыган жери бул жеңил массаждын түрүнө кирип, массаж алып жатканда дене оорубайт. Ошондой эле массаждын алдында жана массаж бүткөндөн кийин ичилген  суунун жардамы менен организм болуп көрбөгөндөй тазарып, уулуу заттардан арылат. Негизи массаж алып турган адам алгач бир стакан  суу ичет. Массаж бүткөндөн кийин дагы бир стакан суу ичет. Калган сууну адам салмагына жараша өлчөмдө ичет. Башкача айтканда, салмагын 03кө көбөйтүп сууну ошого жараша ичет. Маселен, адамдын салмагы 100 кг болсо, 3 литр суу ичиши керек. Салмагы 50 кг киши болсо, массаж алып жүргөн маалда бир жарым литр гана суу ичет. Мына ошол суулардын жана гуаша массажынын жардамы менен  организм тазаланып, денедеги кара тактар кетип, бет агарып, ички органдардын иштөөсү жакшырат.

Жана күндүн нурунан алган зыяндуу заттар жок кылынат. Себеби, күндүн нуру адамды өстүрүп да, өлтүрүп да коё турган күчкө ээ.

-Кыргызстанда 10 жылдан бери алектенген жалгыз адисмин дедиңиз. Гуаша массажын үйрөнөм дегендерге кол-кабыш кыласызбы?

— Кыргызстан боюнча кытайлардын дипломуна жалгыз ээ болгон адисмин. Ошондуктан  бул массаждын түрүн үйрөнөм дегендерге эшигим ачык. Мен да устат болуп. Шакирттерге өз өнөрүмдү үйрөтүп, гуаша массажынын сырларын бөлүшкүм келет. Каалоочуларга  окутуп, гуаша массажынын сырын үйрөтүүгө даярмын. Окуйм дегендер жана массаж алам дегендер төмөнкү телефондорго байланышса болот.

-Кызмат акыңыз канча сом болот? Башкача айтканда, гуша массажынын алам дегендер канча сом камдашы керек?

— Мен бул массажды Москвада жасаганда  бир жолку массажга  1000 сом алчумун. Кыргызстандагы экономикалык абалды эске алып, 600 сомго түшүрүп койдум.

P\S. Гуаша массажын алып, ден соолугун чыңдайм, жанымды кыйнаган дарттан арылам дегендер болсо,  0705 21-93-18, 0554-0338-88, 0778 01-27-33 номерине байланышсаңыздар болот.