Домой Коом 4 жыл мурун жабылгын Дыйкан базары кайрадан ишин жандантат

4 жыл мурун жабылгын Дыйкан базары кайрадан ишин жандантат

42
Фучик Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Дыйкан базары 2017-жылы жабылган, төрт жылдан кийин кайра ачылды. Базар жетекчисинин айтымында соодагер жана кардарлар үчүн баардык ыңгайлуу шарттар түзүлгон.
«Баардык соодагерлерге, дыйкандарга кайрылып кетебиз. Бул базар карапайым элдики, эч кандай фирма же жеке бир адамдын кызыкчылыгы эмес. Мамлекеттик «Кыргыз темир жолу» ишканасынын балансында болгондуктан орундуктар сатылбайт, жана сатканга укугубуз да жок. Калоочулар келип бекер орун алса болот, азырынча ижара акысы алынбайт.», -деп билдирди.
Күркүрөгөн күздө, түшүмүн жыйнаган дыйкандардын соодасы 30-31-октябрда, Товарная көчөсү 1 дареги боюнча, шаардыктар үчүн ярмарка болот. Товарлар дүң баада да, чекене баада да сатылат.