Домой Ден-соолук 4-топтогу канды алып жүрүүчүлөр таажывируска аз чалдыгабы?

4-топтогу канды алып жүрүүчүлөр таажывируска аз чалдыгабы?

241
Кытайлык окумуштуулар таажывирусун жуктуруп алган адамдын канын тобу менен жаңы вирустун байланышы бар жоктугун текшерип, 2173 бейтаптын анализин алып, изилдөө жүргүзүшкөн.
Окумуштуулар алгач 3694 дени сак адамдын контролдук тобун изилдеп, алардын 33,84% 1-топтогу канды, 32,16% 2-топтогу канды, 24,90% 3-топтогу канды, 9,10% 4-топтогу канды алып жүрүүчүлөр экендиги аныкталган.

Таажывирус жуктуруп алган 1775 бейтап текшерилип, 25,80% 1-топтогу канды. 37,75% 2-топтогу канды, 26,42% 3-топтогу канды, ал эми 10,03% 4-топтогу канды алып жүрүүчүлөр болгон.

398 бейтап дагы изилдөөдөн өтүп, жыйынтыгы мурдагы изилдөөлөргө окшош болгондугун эксперттер айтышкан.

Булак: kyrgyztoday