Домой Дүйнөдө 39 жаштагы миллардерди ууландырып өлтүрүштү

39 жаштагы миллардерди ууландырып өлтүрүштү

230

Шанхай полициясы 39 жаштагы миллиардер Линь Цинин өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады. Баштапкы версия боюнча 25-декабрда каза болгон ишкер ууландырылган.

Ци — видео оюндарды иштеп чыгуу менен алектенген «Yoozoo» компаниясына ээлик кылат. Компания популярдуу «Тактылар оюну» сериалынын негизинде иштелип чыккан «Тактылар оюну: кышка аз калды» деген видео оюну менен белгилүү.

«Hurun Report» уюмунун рейтингине ылайык, Цинин байлыгы 1,3 миллиард долларга жетет. Ал 16-декабрда уулануунун белгилери менен Шанхай ооруканасына жаткан. Ишкер дарыгерлерге өзү барган. 25-декабрда абалы кескин начарлап, каза болуп калган. Полиция анын өлүмүн «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча иликтеп жатат.

Ал ортодо жергиликтүү «Цайсинь» бизнес-журналы жашыруун булактарына таянып, шектүү «Yoozoo» компаниясынын кызматкери экенин, ал кармалганын жазды.