Домой Экономика Кыргызстанга Орусиянын алдыңкы 70 компаниясынын өкүлдөрү келет

Кыргызстанга Орусиянын алдыңкы 70 компаниясынын өкүлдөрү келет

6

Кыргызстанга 10-12-ноябрь күндөрү Орусиянын алдыңкы 70 компаниясынын өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Бул туурасында Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан (ОКӨФ) билдиришти.

Сапардын алкагында Орусия менен Кыргызстандын ишкерлеринин жолугушуусу болот. Иш-чараны Орусиянын Экспорт борбору менен ОКӨФ уюштурууда.

«Бул энергетика, айыл чарба, машина куруу, ресурстарды сактоо тармагын өнүктүрүү, коопсуздук жаатындагы санариптик технологиялар боюнча россиялык жана кыргыз компанияларынын ортосунда өз ара байланышты орнотуучу аянтча болуп бермекчи», — деп айтылат маалыматта.

Максаты — россиялык продукцияларды Кыргызстанда жайылтуу, инвестиция тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо.

sputnik.kg