Домой Коом 3000 долларга үй тургузса болот. Кыргыз ишкерининевропалык технология боюнча маеги

3000 долларга үй тургузса болот. Кыргыз ишкерининевропалык технология боюнча маеги

49

Айбек Шаршенбаевдин саман үйдө жашап келе жатканына алты жылдын жүзү болду. Курулуштун бул ыкмасын ал Улуу Британияда курулушчу болуп иштеп жүргөнүндө үйрөнгөн.

Айбек Шаршенбаев саман менен экологиялык жактан таза үйлөрдү куруу менен алек. Башта ишкер кардарлары аз камсыз болгон үй-бүлөлөр болот деп ойлогонун мойнуна алат. Бирок мындай үйлөр аларды кызыктырбайт, көбүнесе эки кабат, сары таш менен жасалган там курууну самашат экен.

Айбек өтө үнөмдүү курулуштун өзгөчөлүктөрүн айтып берип, Улуу Британиядагы турмушунан кенен-кесир кеп салып берди.

Предприниматель Айбек Шаршенбаев, который занимается строительством экологически чистых домов из соломы
Айбек Шаршенбаев саман менен экологиялык жактан таза үйлөрдү куруу менен алек.

— 2000-жылдын башында Лондонго көчүп кетипсиз?..

— Ооба. Ал убакта кыргызстандыктар жапырт сыртка иш издеп кете баштаган, бул жакта акча табыш абдан татаалдап кеткен эле. Каржы министрлигинин бир бөлүмүндө башкы адис элем. Үйлөнүп, балалуу болуп калган убагым болчу, мамлекеттик кызматкердин маянасы өп-чап. Кошумча акча табыш үчүн кечкисин дайым такси айдачумун.

2001-жылы Лондонго иштеп кеттим. Башында бир топ кыйын болду, мектепте үйрөнгөн англис тилинин британдыктар сүйлөгөн тилге окшоштугу аз десеңиз. Андан тышкары, Лондон — абдан кымбат калаа, күнүнө 100 доллар тапсаң да аз маяна болуп эсептелет. Мисалы, биз төрт киши эки бөлмөлүү батирди ижаралар элек. Акысы айына 2400 доллар чыкчу. Кымбат экенин ушундан эле билсеңиз болот.

— Ишке орношуу жеңил болду беле?

— Жок, айрыкча башында кыйналдым. Официант, ашпозчу болуп иштедим, бирок курулушта гана айлык жогору эле. Катардагы жумушчу болуп орношком, тез эле өздөштүрүп кеттим. 1,5 жылдан кийин өз бригадабызды түздүк.

Предприниматель Айбек Шаршенбаев, который занимается строительством экологически чистых домов из соломы
Биринчи катардагы жумушчу болуп орношком, аны тез эле өздөштүрүп кеттим. 1,5 жылдан кийин өз бригадабызды түздүк.

— Улуу Британиядагы курулуш бизнеси Бишкектегиден абдан айырмаланабы?

— Ооба, 2006-жылы кайтканымда бул жактагы башаламандыкты көрүп алып төбө чачым тик турду! Азыр да кырдаал бир топ жакшырып калды.

Эң жөнөкөй эле нерсени мисалга келтирейин, курулуш аянтчасында 220 вольт чыңалууну пайдаланбаш керек, анткени бир аз эле тийишип кетсе, кишини ток урушу мүмкүн. Курулушта 110 вольтко гана уруксат берилет. Кыргызстанда андай түшүнүк да жок.

— Курулуш аянтчасы согуш майданындагыдай, адамдар көп набыт болушат. Кесепетин ойлобогон биздин балдарга таң калам. Мисалы, Англиядагыга караганда бизде болгарка дисктери алда канча жука жасаларын байкадым. Ал жакта ар бир курулуш куралы сертификат алуусу абзел. Биздегидей изолента оролгон узарткычты эч ким колдонбойт. Анан да сары жилет, каска жана болот байпактуу ботинкасыз ишке киргизишпейт.— Курулушчуларга болот байпактуу ботинканын зарылдыгы канчалык?

— Капилеттен кырсык тоорушу мүмкүн. Маселен, бутуңа кирпич кулашы ыктымал. Таманды оорутуп албаш үчүн ушундай ботинка кийүү зарыл, ал эми алар арзан турбайт.

— Англияда каражат топтой алдыңызбы?

— Күнүнө 200-400 доллар алчубуз, бирок Лондон үчүн бул укмуш көп акча деп ойлобош керек. Жана айткандай Англияда жашоо абдан кымбат.

Процесс строительства экологически чистых домов из соломы в Кыргызстане
Британдыктардын ар таңда айна жана чайкагыч жыттанган таптаза кийим кийип келишкени жакты. Биздин курулушчулар арасында андай адат жок.

— Тумандуу Альбиондун тургундарынын кайсы адаттарын кабылдоо кыйынга турду?

— Улууларга орун бошотуп бербөөгө араң көндүм. Мындан сырткары, таштанды таштай беришет: метродо баратып эле момпосуйдун кабыгын калтырып коюшат. Бирок жакшы жактарын байкоо кыйла маанилүү. Британдыктардын ар таңда айна жана чайкагыч жыттанган таптаза кийим кийип келишкени жакты. Биздин курулушчулар арасында андай адат жок.

Сыры жөпжөнөкөй: жумуштан соң ар кечте формасын жууп, эртеси таңда жаңы киет. Мен да ошону адатка айланттым.

— Алты жылдан кийин эмнеге өлкөгө кайтууну чечтиңиз?

— Үйүм мында. Лондондон Бишкекке кайтарымда бул жактагы жагдайдан кабарым жок экенин түшүнгөм. Интернет жалаң жаман кабарларга толуп турчу, аларды окусаң, Кыргызстанда үрөй учурчудай жашоо го дейсиң. Келгенден кийин баары андай эмес экенин көрөсүң…

Адегенде бир жылча иш таба албай жүрдүм. Бир нече жылдан бери маңдай терим менен тапкан тыйындарым улам короп бара жатты. Гамбургер сатуу түйүндөрүн ачуу үчүн машинамды сатууга туура келди, бирок иш жүргөн жок.

Бактым бар экен, Бишкекте батир баасы асмандады. Эсиңиздерде болсо, 2007-жылы кыймылсыз мүлк баасы ар аптада 10 миң долларга кымбаттап турган! 13 миң долларга сатып алган батиримди ошондо 80 миң долларга саттым. Бул болуп көрбөгөндөй иш болду! Акчасына үй куруп, ошол тамда бир аз жашадык.

Предприниматель Айбек Шаршенбаев, который занимается строительством экологически чистых домов из соломы
Саман үй куруу ыкмасын Англиядан үйрөндүм.

— Саман үй куруу кандайча ойго келди?

— Бул ыкманы Англиядан үйрөндүм. Ушундай жол менен үй куруп, жашап жаткан кишини көрүп таң калдым. Бул биздин алыскы кыштактардагы курулган үйлөргө окшобойт. Ал жактагы тамдардын көйгөйү бүтпөйт эмеспи. Мен үйрөнгөн ыкма —  алда канча технологиялык вариант. 10-15 жыл дегеле кол тийгизбей, убара тарттырбай турган үйлөрдү курабыз биз.

— Саман үйлөр кантип курулат?

— Кыргыз, орус тилдеринде бул туурасында маалыматтар аз, негизги адабият англисче. Жыгачтан каркасын тургузабыз, ал эми дубалдарына пресстелген саманды толтурабыз. Каркасын металлдан да даярдоого болот.

Кээ бир өлкөлөрдө, маселен, Франция же Италияда каркассыз эле тургузушат. Аларда самандын ар бир блогу ушунчалык катуу пресстелген, метрлик таңылчагынын салмагы эле бир тоннадай. Жыштыгы боюнча ал кадимки кыштай эле. Таңгактарды кран менен орнотушат да чатырын жабышат.

— Мындай үйлөрдүн курулушу үчүн атайын саман зарылбы?

— Орус тилдүү сайттарда кара буудайдын саманы гана керек деп жазылган, бирок Кыргызстандын эч бир аймагында андай буудай эгилбейт. Болгону Ысык-Көлдө өстүрүлөт, анан калса баасы асманды чапчыйт. Адегенде биз сулуну пайдаландык, эми эгиндин саманы алда канча бышык болорун аңдадык.

Процесс строительства экологически чистых домов из соломы в Кыргызстане
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО АЙБЕКОМ ШАРШЕНБАЕВЫМ
Негизинен саман үйлөрдү 30-50 жаштагылар, көпчүлүгү айымдар буюртма кылат. Себеби дал ошолор үчүн балдары кандай шартта жашаганы маанилүү эмеспи. Алар кыш же бетондон курулган тамдарга караганда саман үйдө жылуу, аба алда канча таза болгонун жактырышат.

— Эң негизги собол: мындай тамдар канча турат?

— Архитектор досум өзүнө 4 миң долларлык чакан үй куруп алды! Сонун үй болуптур, кирсең жомок дүйнөгө кабылгандай болосуң.

Самандын баасы арзыбаган тыйын турат, мурда бул калдык делип жөн гана өрттөлчү. Талаада самандын таңгагы 15 сомдон сатылат, ал эми үй куруу үчүн 500 гана таңгак зарыл. Элестетиңиз, натыйжада 7,5 миң гана сом болуп атпайбы.

Эгер жөндөмүң болсо, өзүңө алда канча арзан баада турак жай куруп аласың, 50 чарчы метрлик там 3-4 миң долларга чыгат. Саман үйдү кыштан курулган там сымал эле баада курабыз. 100 чарчы метр үй орточо 20 миң долларга чыгат. Бул сумманын 80 пайызы — жумушчулардын акысы.

— Саман үйдө чычкан пайда болсочу?

— Оу, бул адамдардын эң корккон нерсеси! Эл үйдү чычкан аралап кетет деп коркот. Пенопласт менен жасалган тамды саман үйгө караганда чычкандар көбүрөөк байырлайт. Пресстелген саманды кемириш үчүн чычкандын тиши болоттой курч болушу керек! Кемирүүчүлөр адатта саман бар үйдө эмес, таштанды чачылган жерде пайда болот.— Кокус өрт чыксачы?

— Өрт ар кандай үйдө чыгышы ыктымал. Бирок жабылган китепти жагып көргүлөчү, от тутанбайт, анүчүн аны ачып, барактарын бырыштырыш керек. Саман үй деле ошол. Мындан тышкары, сыртынан алар топурак менен шыбалат. Чындыгында контейнердик имараттарга караганда мындай курулуштар өрт коопсуздугу маселесинде кыйла туруктуу.

— Мындай тамдар чирип кетпейби?

— Кооптуу тилкелерди ным кирбегидей бүтөө зарыл. Саман үйгө чагылган түшүп, өрт тутанганын интернеттен окугам. Аны суу менен өчүрүшөт, бирок саман суу болуп калган экен. Ошондо таңгактардын бир бөлүгүн алмаштырышат, имарат жапжаңы болуп калыптыр.

Саман үй жакшы желденет. Эң алгач курган үйүмдө мен атайын суу таңгакты коюп, сынап көргөм. Бир айдан кийин ал толук кургап калган. Саман кылымдар бою жакшы тура берет.

Предприниматель Айбек Шаршенбаев, который занимается строительством экологически чистых домов из соломы
Калктын аз камсыз болгон катмары үчүн үй курам деп ойлогом, көрсө, андай адамдар сары таш менен шөкөттөлгөн, кыштан тургузулган эки кабат үйдө жашоону самайт экен. Таң калдым!

— Кардарларыңыз кимдер?

— Калктын аз камсыз болгон катмары үчүн үй курам деп ойлогом, көрсө, андай адамдар сары таш менен шөкөттөлгөн, кыштан тургузулган эки кабат үйдө жашоону самайт экен. Таң калдым!

Алтургай, саман үй курууга өз бир тууганымды көндүрө албай койдум. Ысык-Көлдө анын сонун жер тилкеси бар эле, 3-4 айда заңгыраган үй тургузулмак.

“Сарай куруп алыптыр деп элге күлкү болсомчу” деп койгон. Мына эми үч жылдан бери кыш менен тургуза баштаган үйүн бүткөрө албай келет.

Негизинен мындай үйлөрдү 30-50 жаштагылар, көпчүлүгү айымдар буюртма кылат. Себеби дал ошолор үчүн балдары кандай шартта жашаганы маанилүү эмеспи. Алар кыш же бетондон курулган тамдарга караганда саман үйдө жылуу, аба алда канча таза болгонун жактырышат.

Мында өзүнүн философиясы бар. Ошол эле бетон имаратты алалы, анын урандыларын да жок кылуу үчүн канча каражат кетет. Ал эми саман үйдү бузуп, бөлөк жерге оңой орнотуп коюуга болот.

Процесс строительства экологически чистых домов из соломы в Кыргызстане
Британияда көбүнесе кооз меш, дизайн, килем өңдүү атрибутикаларга көп акча жумшашат. Ар кыл түстөгү каалгалар сатыларын Бишкектен эле көрдүм.

— Англияда миллионерлерге да үй курган жайыңыз бар экен. Алар биздин байлардан айырмаланабы?

— Ооба, биз ал жакта миллионерлерге да, карапайым адамдарга да турак жай куруп бердик. Негизи кандайдыр бир айырмачылыгы деле жок болчу, тек гана миллионерлердин үйлөрүндө шып бийигирээк, терезелери кымбат. Бизде эле баарын дубалга чаптоого, кооз дубал кагаздарын сатып алып, шыпка беш деңгээлдүү жарыктандыргыч орнотууга ашыгышат.

Британияда көбүнесе кооз меш, дизайн, килем өңдүү атрибутикаларга көп акча жумшашат. Ар кыл түстөгү каалгалар сатыларын Бишкектен эле көрдүм. Эшик сатылчу дүкөнгө киргенимде көргөн көзүмө ишенбедим! Англияда алар аппак болот, анан сырдалат. Мындай каалганы кандай боёш керектигин көп ойлоно беришпейт. Өзгөчө мүнөздөгү, бөтөнчө жасалгаланган үйлүү болууну туура көрүшөт. Менимче, биз да жакында ошого барабыз.

Булак: Спутник