Домой Коом 30 жаштагы таякеси 11 жаштагы 11 жаштагы жээнин зордуктап…

30 жаштагы таякеси 11 жаштагы 11 жаштагы жээнин зордуктап…

33

Ош шаарында 10-август күнү 11 жаштагы жээнин зордуктоого шектелген 30 жаштагы таяке 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы маалымат таратты

Маалымат: кылмышка шектелген Х.В.В. жыныстык катнаш кылуу үчүн 2020-жылдын 10-август күнү саат 10:00 чамасында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде өзү менен бирге жашаган жээни, 2009-жылы туулган И.М.А. экөө эле калгандыгынан пайдаланып, аны өзүнө жакын алып келип, жыныстык катнашта болууну сунуштаганы айтылат. Кыз анын сунушуна каршы жооп берген соң күч колдонуп керебетке жаткырып, көрсөткөн каршылыгына карабастан кийимдерин толугу менен чечип, зордуктап, окуяны бирөөгө айтса жаман болорун айтып, айыпталуучуга ага карата зомбулук көрсөткөн деп айыпталган. Ош облустук соттук-медициналык экспертизанын 4-сентябрындагы корутундусуна ылайык, кыз денесинен жеңил дене жаракат алып, кыздык белгиси бузулгандыгы аныкталган.

Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 18-ноябрындагы өкүмү менен Х.В.В., Жазык Кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгү (зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылып, 14 (он төрт) жылга эркиндигинен ажыратылып, Жазык кодексинин 79-беренесинин 1-бөлүмүнүн (өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде Ош шаардык сотунун 2019-жылдын август айындагы өкүмү боюнча өтөлбөгөн мөөнөтү жарым-жартылай кошулуп, Х.В.В. жалпы 15 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Жаза өтөө мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап эсептелинип, Жазык кодексинин 81-беренесине (камакта кармоо убактысын жана жазаларды бириктирүү эрежелери) ылайык алдын ала камакта жаткан ар бир күнү эркиндигинен ажыратылган 1 күнгө барабар деп эсептелинип, бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз камакта бойдон калтырылды. Ага катар эле Жазык кодексинин 122-беренесинин (алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан жапа чеккен адамдарга медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу) негизинде Х.В.В. жазасын өтөгөн жериндеги медициналык мекемеден токсикоманиядан дарылануусу милдеттендирилген.