Домой Спорт 3 спортчуга «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери» наамы ыйгарылды

3 спортчуга «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери» наамы ыйгарылды

156

Жаңылыктар
3 спортчуга «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери» наамы ыйгарылды
По -02.10.20200

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Коллегиясынын 2016-жылдын 23-декабрындагы № 11-2 «2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясы» токтомуна ылайык спорттун түрү боюнча «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери» наамы 3 спортчуга ыйгарылды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, наам төмөнкү спортчуларга ыйгарылды:

Сыймык Алымкулов, 2000-ж.т., спорттун түрү – бел боо күрөшү (классикалык стили);
Нурсултан Мелис уулу, 1994-ж.т., спорттун түрү – бел боо күрөшү (классикалык стили);
Манас Усонов, 1995-ж.т., спорттун түрү – бел боо күрөшү (эркин стили).