Домой Коом 3 миллион сом пара алган Жогорку соттун кызматкери кармалды

3 миллион сом пара алган Жогорку соттун кызматкери кармалды

188

Жогорку соттун Сот департаментинин Ресурстар башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, ал райондук соттордун биринин административдик имаратын капиталдык ремонт кылуу үчүн жарыяланган тендерди утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 миллион сом пара алган.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Булак: Мезгил ньюс