Домой Коом 3 эм балдарга жардам керек

3 эм балдарга жардам керек

61

 

 

cafergot 1 100 mg. 680a2192882bc4051b0b46a4f419067d

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнун жашоочусу Кызжибек Марипова 3 эм балдарын дарылатууга жардам сурайт. Бул туурасында turmush.kg билдиришти.

7 жашка келип калган 3 эмдин көзүнүн көрүүсү жакшы эмес. Учурда сарык оорусу менен жабыркап жатышат. Бирок, жалгыз бой эненин балдарын дарылатууга дарамети жок. Жолдошу балдары боюнда бар кезинде таштап кеткен. Учурда Кызжибек Марипова үйү жоктугунан ата-энесинин үйүндө баш калкалап, апасынын пенсиясы менен күн кечирүүгө аргасыз. Мамлекет жөлөк пул бербейт. “Кош бойлуу кезимде жолдошум 3 эм экенин билип, бизди таштап кеткен. Балдарым 7 айлык болуп, айына жетпей төрөлдү. Балдарым ден-соолугу жакшы төрөлгөн, бирок кийинчерээк үчөөнүн тең көзүнүн көрүүсү начарлай баштады. Балдарым менен Кара-Суу шаарында батирде жашап жүрдүм. Акыркы убактарда балдарымдын көзүнө алган дарылары кымбат болуп, батирдин акчасын төлөй албагандыктан апамдын үйүндө жашап жатам», — дейт Кызжибек. Анын айтымында, 3 эмди атасы көрө элек «Ысымдарын Асан, Үсөн, Фатима деп атаганбыз. Балдарым төрөлгөндөн кийин атасы бир дагы жолу кабар алган жок. 2 ай мурун балдарыма жөлөк пул чыгарып берүү суранычы менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысына жардам сурап кайрылдым. Бирок, жардам болгон жок. Район акими Тилек Матраимовго да бардым, бирок кабылдамасынан киргизбей коюшту. Азыр эки уулум сарык болуп ооруп жатат. Аларды дарылатууга каражатым жок, үйдө карап жатам», — дейт эгиздердин энеси.

К.Марипова менен (0777) 27 70 95 номуру аркылуу байланышса болот.