Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы болуп Асанов Уланбек Жалалович дайындалды.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлагандай, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.