Жаңы вирус жуккан 14 адамдын ону — аял, калган төртөө — эркек.
Алардын бешөө — Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер, тогузу — мурда катталгандар менен контакт болгондор.
18-марттан 26-мартка чейин Кыргызстанда коронавирус жуккан 44 адам, алардын алтоо реанимацияда экени айтылган.
Ошентип, 27-мартка карата илдет жуккандардын саны 58 болду.
Алардын 27си Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда 26, Бишкекте төрт 4 (Чүйдүн Москва районунун бир тургуну борбор калаадагы Жугуштуу илдеттер ооруканасына которулган), Баткен облусунда бир адам.
Айнура Акматованын ушул эле онлайн брифингде билдиргенине караганда коронавирус жуктургандардын жалпы абалы туруктуу. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандар жалпы палаталарга которулушту.
25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.
Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. Күндүз адамдар дүкөнгө, дарыканага жана банкка бара алат. Жумушка барчулардын уруксаты болушу зарыл.
Булак: Азаттык