Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышуу үчүн арыз берген партиялардын ичинен экөө шайлоо күрөөсүн берди. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Анын айтымында, “Эмгек” жана “Кыргызстандын коммунисттер партиясы” шайлоо күрөөсүн берди. Бишкек жана Ош шаарларынын шайлоо күрөөсү 50 миң сом, калган шаарлардыкы 20 миң сомду түзөт.
“Бүгүн, “Республика” партиясы шайлоого катышуу үчүн арыз берди. “Ата Журт” жана “Легалайз” партияларынан башкасынын баары ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады”, – деди.
“Бирге-Вместе” партиясы шайлоого катышуудан баш тартты.
25-февралга карата партиялардын тизмеси төмөнкүдөй болду:
- «Улутман»;
- «Тынчтык»;
- «Айкөл Кыргызстан»;
- «Кыргызстан»;
- «Ак Бата»;
- Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары;
- «Замандаш»;
- Кыргызстан демократиялык кыймылы;
- «Реформа»;
- «Биздин эл»;
- Кыргызстан коммунисттер партиясы;
- «Ынтымак»;
- «Свобода выбора»;
- «Ишеним»;
- «Социал-демократы Кыргызстана»;
- «Патриот»;
- НДПК;
- Жашылдар партиясы;
- «Ыйман нуру»;
- «Легалайз»;
- «Ата Мекен»;
- «Эмгек»;
- «Бүтүн Кыргызстан»;
- «Улуу Журт»;
- «Республика».