Домой Коом Бишкекте эркек киши 61 жаштагы пенсионерди зордуктады

Бишкекте эркек киши 61 жаштагы пенсионерди зордуктады

135

Милиция кызматкерлери зордуктоого шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 8-январына караган түнү 102-кызматына зордуктоо тууралуу билдирүү келип түшкөн. Чакырылган жерге келгенде, Патрулдук милициянын кызматкерлери 61 жаштагы аялды табышкан, ал 7-январь күнү саат 23:30 чамасында Ж. аттуу кошунасы үйүнө кирип, физикалык күч колдонуп, зордуктагандыгын айткан. Адам белгисиз тарапка качып кеткен. Кийин Патрулдук милициянын экипажы ыкчам аракеттин натыйжасында 43 жаштагы С.Ж. аттуу шектүүнү кармашкан. Бул иш Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.