Домой Коом Кыргызстанда эӊ көп айдалган автоунаалардын тизмеси…

Кыргызстанда эӊ көп айдалган автоунаалардын тизмеси…

229

 Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда эң көп айдалган автоунаанын 10 түрүн тизмектеп, жыйынтык чыгарды. Маалыматта:  2020-жылдын декабрь айына карата 1 412 206 автоунаа жана 1 705 марка катталган. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын жолдорунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа көп жүрөт. Автокөлүктүн мындай түрүнөн өлкөдө 138 262си катталып, тизменин сап башынан орун алган. Экинчи орунда Советтер Союзунун жана Россиянын өндүрүшүнөн чыккан «АвтоВАЗ» компаниясынын унаалары турат. Алардан 136 539у катталган.  1992-жылдан тарта Өзбекстандан чыга баштаган түштүк кореялык Daewoo үлгүсүндөгү автоунаалардан 133 594ү катталып, үчүнчү орунга чыккан. Япондордун Toyota үлгүсүдөгү автоунаасы дагы Кыргызстанда көп жүрөт. Мындайдан өлкөдө 124 847си катталып, төртүнчү орунга илинсе, Honda үлгүсүндөгү автоунаадан 117 021 даана катталып 5-орунда турат. 6-орунда Hyundai үлгүсүндөгү автоунаалар турат. Алардан Кыргызстанда 82 474ү катталган. Volkswagen үлгүсүндөгү автоунаадан 81 893 даанасы бар экени айтылса, Audi үлгүсүндөгү көлүктөн 66 068и катталганы белгилүү болду. ГАЗ үлгүсүндөгү автоунаалар да ондукка кирип калган. Автоунаанын мындай түрүнөн Кыргызстанда 38 952си катталган. Ал эми 10-орунда Nissan үлгүсүндөгү унаалар (34 295) турат.