Бишкекте коронавирусту жайылтпоо чараларынан улам 22-марттан тарта борбор калаада коомдук транспорт токтотулат.
Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шаардагы бардык автобус, троллейбус жана кичи автобустар убактылуу ишин токтотот. Калаа бийлиги буга байланыштуу шаардыктарды зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоого чакырууда. Коомдук транспорт качан иштей баштары азырынча маалымдала элек.
Булак: Азаттык