Домой Коом «Чоң казаттын» мүчөлөрү эмнеге министр болуп алышты? Мамыткановдун жообу

«Чоң казаттын» мүчөлөрү эмнеге министр болуп алышты? Мамыткановдун жообу

108
Партиянын мүчөсү Сыймык Жапыкеев башкы прокурордун милдетин аткарып жатса, Жаркынбек Касымбеков саламаттык сактоо министринин ордун ээлеп алган эле.
Журналисттер «Чоң казат» саясий уюмунун лидери Максат Мамыткановдон партиялаштары ири мамлекеттик кызматтарды жетектеп алганы тууралуу сурашты.
Мамытканов Координациялык кеңештин жыйынында сүйлөгөн.
Белгилей кетсек, «Чоң казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев башкы прокурордун милдетин аткарып жатса, Жаркынбек Касымбеков саламаттык сактоо министринин ордун ээлеп алган.
Партия жетекчиси суроого жооп берип жатып «жетекчилер качып кеткен» мамлекеттик органдар бар экенин белгиледи.
«Сыймык Жапыкеев юридикалык жактан бекитилген жок. Бирок мыйзамсыздыкты алдын алуу үчүн жана прокуратуранын айрым иштери жүрүп турушу үчүн иштеп жатат», — деди «Чоң Казаттын» лидери.
Ал эми Касымбеков Саламаттык сактоо министрлигинде эмес, партиялаштарынын арасында жүргөнүн айткан.

булак: sputnik.kg