Түп районунда 2 жыл мурун капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын имаратынын дубалдары көгөрүп баштаган. Капиталдык оӊдоп-түзөөгө мамлекеттен 4 млн. 606 миӊ 975 сом бөлүнгөн. Тендерди 2016-жылдын октябрь айында «Аян-Курулуш» курулуш компаниясы утуп алган.
Имарат 2017-жылдын жай мезгилинде пайдаланууга берилген. Бирок анын курулушу канааттандырарлык эмес, айрым бөлмөлөрдүн дубалы көгөрүп, кышында жылытуу системасы да түйшүккө салууда. Ал эми сырттагы даараткана үчүн кагаз жүзүндө 217 миӊ 433 сом каралганы менен иш жүзүндө 3-4 миӊ сомдук эле даараткана орнотулганы көрүнүп турат. Чынында мындай акча жемей көрүнүштөр ар бир райондо, ар бир айылда бар. Жеген жагынан эч кимди алдыга чыгарбай калбадыкпы.