Домой Тагдыр 2021-жылдын январынан тарта Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылат

2021-жылдын январынан тарта Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылат

188

Бишкек мэриясынын тараткан маалыматына ылайык: 2021-жылдын 1-январынан тарта Бишкектин четиндеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылат. Бул тууралуу буйрукка шаар мэринин орун басары Балбак Түлөбаев кол койгон. Мындай чечимдин кабыл алынышына аталган аймакта сөөк коюуга орундун жок калгандыгы негизги себеп болгон. Буга Ала-Арча, Жер-Ынтымагы конуштарынын тургундарынын кайрылуусу, “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын жана Мамлекеттик экотехинспекциясынын бүтүмдөрү негиз болгон.

Мындан ары каза болгондордун сөөгү Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы жаңы көрүcтөнгө коюла баштайт. Аталган айылдын көрүстөнүнө коюу мурун эле уруксат берилгени менен шаардыктардын басымдуу бөлүгү шаардын чет жактарындагы конуштардын көрсөнүнө коюп келишет. Себеби, Гроздь айылынын жери бир топ нымдуу экени айтылып келет