2021-жылдын январь айына пенсия төлөө боюнча Социалдык фонд Финансы министрлигинин колдоосун күтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.
Жуматаева билдиргендей, пандемияга байланыштуу 2020-жылдын аягында социалдык жөлөк пулдардын көлөмүнүн 2 миллиард сомго кыскарышы күтүлүүдө.
“Жылдын жыйынтыгы боюнча тартыштык 1 миллиард сомду түзөт. Декабрь айына пенсияны убагында төлөйбүз. Январь айына келсек, биз Финансы министрлиги менен макулдаштык, андай учурда алар бизди колдошот”, – деди төраганын орун басары.









