Домой Саясат 2017-жылы башканы, азыр башканы сүйлөгөн Жээнчороев «принцип» дегенди кандай түшүнөт?

2017-жылы башканы, азыр башканы сүйлөгөн Жээнчороев «принцип» дегенди кандай түшүнөт?

43

Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын бакыйган депутаты Мирлан Жээнчороев таякеси Өмүрбек Бабановдун этегине эрмешип, ал депутат кезде жардамчы болуп, анан бизнестеги ишин илгерилетип берип, жасаган эмгеги үчүн 2015-жылдагы партиялык тизме менен парламенттин босогосун аттаган. Башында түз жигит эле дешет билгендер. Депутат болгондон кийин кырдаалга жараша Мирлан мырза эки сүйлөгөндү мыкты өздөштүрүптүр.

Сөзүбүз куру болбош үчүн далил менен айта кетелик. 2017-жылдын май айларында так ушул Мирлан Жээнчороев парламенттик шайлоодогу босого чекти 7%дан 9%га көтөрүүнү демилгелеп: «Бүгүнкү күндө  Кыргызстанда 200дөн ашуун партия бар алардын башчылары толкундануудан  азап чегип, ортосунда бириктирүүчү идеология жок. Босогону 9%га чейин жогорулатуу лидерлердин диалогуна жана экономикалык туруктуулукка алып келет», — деп айткан эле.

Көпчүлүк депутаттар туура көрүп, мыйзамды жактырышкан. Эми эсине жара чыккыр эл өкүлү ал сөзүн унутуп калганбы же кожоюну ушундай тапшырма бергенби, айтор, Жээнчороев 2017-жылы эмне деп айтканын унутканбы же тамак менен кошо жеп алганбы, айтор кечээ: «Негизи босоголук чекти төмөндөтүү боюнча демилгени колдоо керек. А бирок 3 пайыздык чек биздин өлкө үчүн өтө аз болуп калат. Себеби учурда партиялар абдан көп. 3 пайыздык босого чекти алуу үчүн 50 миң гана добуш керек. Андыктан 5 пайыз кылсак, ортодогу баланс сакталат.Ал эми шайлоого катышып жаткан партиялар үчүн кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт»,- деп баштады. Эки жылда эки башка сүйлөгөн Жээнчороев «принцип» дегенди кандай түшүнөт болду экен?

Булак: «De-Факто»