Кочкордун Кара-Суунун айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектептин быйылкы жыйырма жылдык бүтүрүүчүлөрү айылга сейил бакча куруп беришиптир. Ал эс алуу бакчасына 10догон түрлүү бактар тигилип, сейрек кездешүүчү тарыхый баалуу таштар менен, ошондой эле сейил бактын оозуна илбирстин айкелин тургузушуп, талапка ылайык кооздошкон. Мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү максатында, бул кесипте 30 жылдай мектепте иштеген Токтогонов Нурдин агайынын ысымы берилген. Мындан тышкары, бул бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган мектепке орус – тил кабинетине, интерактивдүү доска жана парта, стулдарды белекке беришкен. Ал эми 4 мугалимине кир жуучу автомат машина белек кылышыптыр. fastest way to get viagra.