Домой Криминал 2 окуучуну учура сүзүп кеткен М. Ажибеков 8 жылга соттолду

2 окуучуну учура сүзүп кеткен М. Ажибеков 8 жылга соттолду

80

ac4595a580dc1e3c1a1a1ae7d44b9617

 

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда эки окуучуну сүзүп кеткен Мирлан Ажибековдун иши боюнча соттук териштирүү бүттү.  Судья Алмазбек Жолдошбеков айыпты угузду:  Мирлан Ажибеков 8 жылга жатак-абагына кесилди. Мындан сырткары 3 жыл унаа башкаруу укугунан ажыратылды. 2017-жылдын 21-апрелинде Бакаев жана Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа айдоочусу 2 окуучуну сүзүп качып кеткен. Көп өтпөй айдоочунун өздүгү такталып, ал 1988-жылы туулган Мирлан Ажибеков экени аныкталган. Окуучулар тез жардам унаасы менен №3 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. 2007-жылы туулган эркек балдар бир нече жараат алышкан. Булак: АКИpress  where to buy cialis in hong kong.