Домой Коом 19- августта үч партия курултай өткөрөт

19- августта үч партия курултай өткөрөт

177

19-августта үч партия курултай өткөрүп, Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу багытындагы программаларын жана талапкерлерин талкуулашат. Алар: «Реформа», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жетектеген «Реформа» партиясы 2020-жылдын жай айларында негизделип, күздөгү парламенттик шайлоого катышарын жарыялашкан. Курамында өлкөдөгү коррупцияга каршылык көрсөтүп келаткан #RЕакция кыймылынын мүчөлөрү, жарандык активисттер бар. Шайлоого катышуу үчүн беш миллион сомдук күрөөнү да партияга активисттер чогултуп атышат.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат.

“Кыргызстан” саясий партиясы 2010-жылы түзүлгөн. Төрагасы — Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ат салышууга алгач 44 партия ниетин билдирип, төртөө ар кандай себептерден улам жарыштан чыккан.

Партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин 25-августка чейин Борбордук шайлоо комиссиясына бериши керек. Буга чейин «Бир бол», «Мекенчил», «Ата Мекен», «Ордо» партиялары курултай өткөрдү.

Булак: Азаттык