Домой Коом
74

Мен байма-бай айтып келем, 2017-жылы кабыл алынган беш кодексте тең кээ бир беренелеринде коррупциялашууга жол берилет. Андан тышкары, кээ бир беренелердин бөлүктөрү кайталанып калган. Мисалы, кылмыш-жаза кодексинин 493-496-беренелеринин 3-бөлүктөрү коёндой окшош. Бул бир эле мисал, дагы көп алешемдиктер бар. Андан тышкары, жогоруда айтылган кодекстин 59-главасынын беренелеринде коррупция түзүүгө шарттар бар. Мисалы, 495-берененин 1-бөлүгү коррупцияга жол берет. Эгер тергөөчү, прокурор жана тергөө соту биригишип, тил табышса, чоң пара алуу менен өтө оор кылмыш кылган кылмышкерлерди же өздөрүнүн жакын кишилерин жеңил-желпи жаза менен чыгарып кетишет.

Буга мисал катары Батукаев боюнча тергелип бүтүп, сот процесси экиге бөлүнүп (495-берене өзүнчө бөлүнүп каралууга жол берет), каралып жатат. Кечээ жакында Биринчи Май райондук сотунун чыгарган өкүмүн көрдүңүздөр. Тергөө менен кызматташпаган төрт чоң чиновниктин бири Атамбаев эле 11 жыл алып, калган үчөө жеңил-желпи жаза алымыш болушту, боштондукка чыгышты. Бул жерде коррупция жок дейсизби? Сөзсүз айыптоочу (прокурор) ишти жакшы билгендиктен, экөөнө 15, экөөнө 13 жылдан бекер жерден соттон суранган жок да! А сот эмне кылды? Мыйзамдарды одоно бузуу менен өкүм чыгарды (!) деп эсептейм. Мына биздин соттордун жүзү!

Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чыгарган өкүмүнө макул болбой, айыптоочу менен макул болоруна ишенем. Болбосо, коомчулукту капа кылып алат.

Эми калган чиновниктердин ишин Свердлов райондук соту карай баштаптыр. Менин байкоомдо, булар болор-болбос суммадагы штраф менен өкүм чыгарышат. Кудай буюрса, буга коомчулук күбө болот. Себеби, коррупциялык жол менен тергөө учурунда формалдык келишим түзүмүш этип коюшкан. Мына ошол кагаз көп маселени чечет. Чынында Атаханов эле кызматташкан деп ойлойм. Себеби, ал толук коррупциялык схеманы айтып берген. Калган чоң чиновниктер Табалдиев, Рысалиев ж.б. кызматташкан эмес, алар болгону эле кол алдында иштеген кызматкерлер жетекчилерине көрсөтмө бергенден кийин айла жок моюндарына алышкан. Ошол себептен кылмыш-жаза кодекстин 493-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, “сот кызматташууга жатпайт” деп караш керек. Ошондо акыйкаттык болуп, жогорудагы адамдар жок дегенде Батукаевдин калган 8 жыл 3 ай мөөнөтүн ар бири түрмө камерасында өтөп чыгышса туура болмок. Бул коомчулуктун каалоо-тилеги.

Жогоруда айтылгандарга сурак протоколдору, анын ичинде чоң чиновниктердин көрсөтмөсү далил боло алат. Ким кайсы убакта берген көрсөтмөлөрүнүн даталарын карасаңыздар ишенесиздер. Чоң чиновниктер менен кызматташуу боюнча келишим формалдык түрүндө түзүлүп, тергөө учурунда коррупцияга жол берилип кеткен деп эсептейм.

Турат Мадылбеков, Бишкек ШИИБнин мурдагы начальниги 

«Азия Ньюс» гезити